Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

УКМК: издөө салынган милиция кызматкери кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын издөөгө алынган кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кызмат абалынан пайдаланып, жарандын 135 миң долларын алдап алып, ар кандай шылтоо менен бербей жүргөн Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялаган.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, издөөдөгү милиция кызматкери 2021-жылдын 12-декабрында Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында жашынып жаткан жеринен кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат аталган милиция кызматкеринен алдангандар болсо УКМКга кайрылууга чакырат. УКМКнын нөөмөт кызматынын телефону (0312) 66-04-75 жана 0702233243 WhatsApp номери.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети буга чейин да кызмат абалынан кыянат пайдаланган бир катар учурларды аныктап, айрым мамлекеттик кызматкерлерди кармаган.

XS
SM
MD
LG