Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Республикалык дартты аныктоо борбору балдар ооруканасы болуп кайра түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы республикалык диагностика борбору балдар ооруканасы болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу Саламттык сактоо министрлигинин Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, көп профилдүү оорукана ушул жылдын соңуна чейин ишке кирет.

"Республикалык диагностика борбору боюнча эки жылдан бери анализ жүргүзүлдү. Биринчиден, бул борбор акчасын актай алган жок. Бүгүнкү күндө 10 млн. сомдой карызы бар, ал жакта иштегендер маяналарын дагы ала элек. Экинчиден, Бишкек шаарындагы кырдаалды көрүп жатабыз. Оооруган балдардын саны көбөйүп, балдар ооруканасына батпай, кезек күтүп жатышат. Ошол маселени жоюп, сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн ушундай чечим кабыл алынган", - деди Жумакеев.

Республикалык диагностика борбору – ооруну аныктап, жардам көрсөтүүчү амбулаториялык медициналык мекеме катары 1990-жылы уюшулган. Орточо эсеп менен күнүнө 800–900 бейтапты кабыл алып, 600дөй ар кандай ооруларды изилдей турганы айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги соңку учурда борборго кайрылгандардын саны кыскарганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG