Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Түркиядагы мигрант: айлык азайды


Түркия, Стамбул.
Түркия, Стамбул.

14-октябрда Түркияда бир доллар тогуз лирага көтөрүлүп, жыл башынан бери 20% кымбаттады. Өлкөдө доллардын кымбатташы азык-түлүккө жана жол киреге да таасирин тийгизүүдө. Ал эми Түркиядан дүңүнөн товар алгандарга тескерисинче, "пайдалуу" болуп жатканы айтылууда.

Төрт жылдан бери Анталия шаарында иштеген Жылдыз айлыгын түрк лирасы менен алат. Ай сайын маянасын долларга которуп Кыргызстанга салат. Жылдыз түрк лирасынын куну кеткени кыргыз мигранттарына терс таасирин тийгизип жатканын айтат.

"Учурда Түркияда доллар күн сайын кымбаттап эле баратат. Бир доллар 9,18 лира болуп калыптыр. Бизге кыйын эле болду. Өзгөчө түрк лирасы менен айлык алган кыргыз мигранттар учурда кыйналып турушат. Кечээ Кыргызстанга акча салганы бардым. Алган айлыгымды Бишкекке салсам 22 миң эле сом болуп калды. "Кыргызстанда иштесек деле ушул акчаны табат экенбиз" деп кээде ойлоп кетем. Эми май айында бир доллар 13 лира болот деп жатышат. Анда тапкан айлыгыбыз эч нерсеге жарабай калат го".

Түркияда кыргызстандык мигранттардын дээрлик көпчүлүгү айлык акыны түрк лирасы менен алышат. Учурда үй кызматтарында иштегендердин маянасы үч жарым миң лиранын тегерегинде. Бул азыркы курс менен 326 доллар.

Түркияда иштеп жүргөн Сабира жумуш берүүчүлөр пандемиядан улам айлыкты көтөрмөк түгүл, азайтууну көздөп жатканын айтат.

"Мен азыр төрт миң лира айлык алып иштейм. Эми "доллар 13-15 лирага чыгат" деп жатышат. Анда Түркияда иштеген чет өлкөлүк мигрант деле калбай калат го. Анткени "ушундай болот экен" деген имиштер туура чыгып калат. Аз айлыкка кайыл болуп, күчүн, ден соолугун коротуп иштеп жүргөндөр калбай кетет болуш керек. Айрымдары айла жок иштегенге туура келет", - деди Сабира.

Ал ошондой эле Түркияда азык-түлүктүн, жол киренин кымбатташынан улам азыр алган маянасы жетпей жатканын белгилеп, жаңы жылда Кыргызстанга биротоло кетерин кошумчалады.

Ал эми көп жылдардан бери жеке компаниянын экспорт бөлүмүн жетектеген кыргызстандык Камчыбек Түркменов үй-бүлөсү менен Стамбул шаарында турат. Ал күнүмдүк керектелчү нерселердин баасы өсүп жатканын белгиледи.

"Азыр үй-бүлөдө бир киши иштеп, жашаш оор болуп калды. Минималдык айлык акы менен эки киши иштесе гана Стамбулда жашаса болот. Анткени учурда батирлердин ижарасы да өстү. Ал эми доллар кымбаттаган сайын айлык акы да өсчүдөй эмес. Тескерисинче суу, электр энергия, газдын баасы көтөрүлүп, мурункуга караганда кыйла көп төлөп жатабыз. Түркияда өндүрүш, экономика күчтүү дегенибиз менен, чет өлкөлөрдөн көп товар импорттолот. Андыктан сырттан келген азык-түлүктөрдүн да баалары көтөрүлүп жатат".

Түркия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 300-400 млн. доллардын тегерегинде экени айтылып келет. Мунун көбүн Анкара Бишкекке саткан. Өлкө башчылары соода көлөмүн 1 млрд. долларга чейин чыгаруу керектигин айтып жүрүшөт.

Түркиядан Кыргызстанга жүк ташыган фирмада иштеген Кыялбек соода -сатык лиранын кунунун төмөндөшүнө көз каранды эмес экенин, Түркиядан экспорттолгон товардын көлөмү туруктуу экенин айтты.

"Пандемияда токтоп калган экспорттун көлөмү учурда көбөйдү. Азыр логистика фирмаларында жумуштар жакшы. Түркиядан жүк туруктуу кетип жатат. Бир четинен буга Кытайдан кирген товарлардын саны азайгандыктан, соодагерлер Түркияга ооду деп ойлойм. Андыктан Түркиядан Кыргызстанга кетип жаткан товарлардын саны жакшы. Эң негизги сокку айлык-акыларын лира менен алган мигранттарга тийди окшойт", - деди Кыялбек.

Түркияда доллардын кымбатташы менен евро жана алтын да кымбаттады. Серепчилер лиранын куну түшүп кеткенин коронавирус пандемиясынан улам болгон экономикалык кризиске байланыштырууда. Бeйшембиде президент Режеп Тайып Эрдоган Улуттук банктын эки жетекчисин кызматтан алгандан кийин түрк лирасынын куну тарыхтагы эң төмөнкү деңгээлге түштү.

Расмий Анкара 12-октябрдан тарта акча алмаштыруу жайлардын кызматын пайдаланган ар бир жаран документин көрсөтүүгө милдеттүү экенин кабарлады.

2021-жылы 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинде каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен келип, Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенет.

XS
SM
MD
LG