Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Чек араны бузган кыргызстандык беш жылга кесилди


Тажикстандык чек арачы. Илюстрациялык сүрөт.
Тажикстандык чек арачы. Илюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен апрель айынын башында кармалган кыргыз жарандарынын бири беш жылга камалып, үчөөнүн соту 16-июлга белгиленди.

35 жаштагы Айбек Махмудовго укуктук колдоо болбой калды дейт жакындары. Бир тууганы Дилафруз Бакирова Аламүдүн районунун Василевка айылында турат. Беш баланын апасы. Бөйрөгү иштебей калып, күн алыс гемодиализ алат. Анын айтымында, иниси Айбек Махмудов апрель айынын башында Тажикстандын Жерге-Талында калган келинчегин алып келем деп барып, кармалып калган.

Ага "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деп кылмыш иши козголуп, Дүйшөмбү шаарындагы тергөө абагында эки ай жаткан. Райондук сот ишти карап, 9-июлда беш жылга эркинен ажыратты. Дилафруз өзүнүн беш баласына кошуп инисинин балдарын, ата-энесин да карап жатат.

Айбек Махмудов.
Айбек Махмудов.

“Айбек келинчегин алып келүү үчүн барган. Беш баласы бар болчу. Мен күн алыс гемодиализ алууга аргасызмын. Тышкы иштер министрлигине жана башка кол жеткен жерге кайрылдык. Ал жакка барып жардам бергенге төрт бир тууганы - кыздарбыз, үйдө жалгыз эркек бир тууганыбыз эле. Ал жактан адвокат жалдай алган жокпуз. Акча болгондо Тажикстандан адвокат жалдасак жакшы болот эле. Биз эми суранып жатабыз, Кыргызстанга которуп беришсе, жазасын бул жактан өтөсө дейбиз. Иним келинчегине барган болчу. Дагы 3 бала бар экен алар, ата-энесине барышкан экен. Алар Тажикстанга туугандарына барышты да. Баргандан кийин эле чек арадан жаңжал чыгып, чек аралар жабылып калды. Ал жакка зарыл болгон үчүн барышкан”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралары өткөн жылы пандемияга байланыштуу катаалдашып, каттам дээрлик токтоп калган. Апрель айындагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан бир тараптуу Тажикстан менен чек араны жапты.

30 жылдай мурда Кыргызстан жарандыгын алган Абидлахат Курбанов акыркы мезгилде Жерге-Талдагы туугандары менен катташа албай калганын кеп кылды. Бирок кандай болгондо дагы чек ара мыйзамдарын сактоо керек дейт.

"Ушунчалык тобокелчилик менен жөн жай киши ал жакка барбайт да. Өтө зарыл болгон үчүн, жакындары ооруп калат, каза болот дегендей. Айла жок болгондо анан ушундай жол менен барышат. Мына, менин бир тууган агамдын көзү өттү, карындашым ооруп калды, ашыкча маселе жаралбасын деп бара албай жүрөм. Анткени, чек арадан мыйзамсыз өтүш керек. Андай ашыкча көйгөйдүн эмне кереги бар. Андан көрө ушул эки мамлекеттин мамилеси ордуна келгенче күтүп туралы дейм".

Айбек Махмудов менен кошо дагы Жерге-Талдагы ата-энесине, туугандарына барып кармалган Кыргызстандын үч жараны Абдулос Нуридинов, Иброим Мырзамидинов, Хатамбек Эгембердиев Дүйшөмбүнүн абагында сотту күтүп жатышат. Аларга карата чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Тажикстандын Кылмыш жаза кодексинин 335-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул берене боюнча 220 миң сомдон 440 миң сомго чейин айып пул же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Демек, сот Айбек Махмудовго бул берененин эң оор чарасын колдонгон. Тажикстанда кармалып турган кыргызстандык төрт жарандын жакындарына жардам берип жүргөн Аким Кожоев тиешелүү кагаздарын жыйнап, кайрылууларын даярдап, дарегине жеткирип жүрөт. Ал эки өлкөнүн тирешкен мамилесинен улам, ортодо жөнөкөй жарандар чайналып калды деген пикирде.

"Президентке, парламент төрагасына, УКМК жетекчисине жардам берип, чыгарууга көмөктөшүңүздөр деп кайрылгам. Бирок бул жерде эки өлкөнүн аймактык дооматтарынын айынан бири-бирине өчөштүк, тиреш болуп жатат. Бул жигиттер саясаттын курмандыгы болуп жатышат. Анткени, алардын мынчалык оор кылмышы жок да. Айып пул төлөп чыгарса болмок. Өткөн жылдан бери эле пандемияга байланыштуу чек ара жабык болгону менен кошуна чек арачыларга тыйын берип, Жерге-Талга барып келип эле турган да туугандар. Элчилик, консулдук аркылуу бир аз колдоо көрсөтүп, укуктук жактан да жардам берип коюшса болмок. Жакындары жөн жерден көп азап чегип жатышат".

Журналист жана жазуучу Аким Кожоев.
Журналист жана жазуучу Аким Кожоев.

9-июлда Айбек Махмудовго чечим чыгып, эки адамга байланыштуу сот жараяны 12-июлга белгиленген. Бирок күбөлөрдүн келбегенинен улам 16-июлга жылдырылган. Дагы бир жарандын иши 14-июлда каралмай болуп, ал да белгисиз мөөнөткө артка жылдырылды. Төрт кыргызстандык 10-апрелде Тажикстандын Жерге-Тал район аймагында кармалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе көзөмөлүндө экенин, камалган жарандардын туугандары менен байланышып, консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү нотада берилгенин маалымдаган. Бирок Тажикстан бул жагдай тууралуу расмий комментарий берген эмес.

Быйыл жыл башынан бери Тажикстан чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр үчүн жазаны катаалдаштырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG