Токио шаарында өтө турган Олимп оюндарына саналуу күндөр калды. Ушундан улам спортчулар кызуу даярдыкта. Каныкей Кубанычбекова мышыгуу учурунда "Азаттыкка" азыноолак маек курду.
"Ок атуу спорту сонун түр. Мен 11 жылдан бери машыгып жатам. Акыркы жылдары ок атууга жаштардын кызыгуусу күчөдү. Олимп оюндарына катуу даярданып, күнүгө 7-8 саат машыгып жатабыз. Маанайыбыз абдан жакшы. Мен да, агайым да сүйүнүп атат. Бардык эле спортчу жеңишти эңсеп жатса керек".
21 жаштагы Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү, курама команданын мүчөсү. 2017-жылы эл аралык Intershot (Амстердам, Нидерланддар) турниринде коло медаль алган. Спортчу буга чейин Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжанда өткөн төрт эл аралык мелдешке катышып, жогорку жыйынтык көрсөткөн.
"Бул спортту атамдын сунушу менен тандагам. Атам мектепте окуп жүргөндө келип, "кызым барып көрчү, балким сага жагып калат" деди. Мен каршы болгон жокмун. Мага бул спорт абдан жагып калды. Ошондон бери машыктыруучум мени даярдап жатат".
Кыргызстандын Ок атуу спорту боюнча федерациясы 1992-жылы спорттун бул түрүн жайылтуу максатында негизделген. Эки жыл мурда Кыргызстанда ок атуу боюнча эл аралык мелдеш өткөн. Каныкейдин машыктыруучусу Виктор Суровцев жолдомо алып, көптөн күткөн кыялы орундалганын айтып берди:
"Мен абдан сүйүндүм. Анткени биз ушул нерсе үчүн даярданып жаттык да. Каныкейди кичинекейинен машыктырып келем. Келинчегим ага сабак берчү. Дайыма олимпиадага жолдомо алсак деген ниети оюмдан кетчү эмес. Эми кызуу даярданып жатабыз".
Кыргызстандагы ок атуу спортунун эки багыты бар: ок атуу (олимпиадалык дисциплина) – бул пневматикалык мылтык, тапанча жана майда калибрдүү мылтыктан атуу. Ок атуу спортунун тарыхында Москва-1980 Олимпиадасында кыргыз ок атуу мектебинин өкүлү Александр Мелентьевалтын медалды жеңип алган.
Каныкей Кубанычбекова акыркы жылдары "ок атуу кыздардыкы эмес" деген стереотиптер талкаланып, бул спортко келген кыздар көбөйгөнүн айтат. Ал спортто ийгиликке жетүү үчүн жакындары түшүнүп, колдоп келгенин белгиледи:
" Кыздарда ок атуу үчүн бардык сапаттар бар экен. Мисалы, алар так, туруктуу, жоопкерчиликтүү жана сабырдуу. Окшошпосо да кайра-кайра аракет кыла беришет. Эркектер бир атып, окшошпосо таштап, кетип калышат. Бул спорт чыдамкайлыкты, талыкпаган эмгекти талап кылат. Ошондуктан, кыздарды "үйдө отур, ок атууну эмне кыласың?" дебей колдош керек. Айымдардын колунан бардык нерсе келет!Мен үй-бүлөдө алты бир туугандын улуусумун. Ата-энем, жакындарым дайыма колдоп, коргоп келишет. Алар бул спортту тандап, алып кеткениме жолтоо болбой, тескерисинче сыймыктанышат. Алардын аракети мага дем берет".
Ок атуу кымбат жана көп каражатты талап кылган спорттун түрү. Адистердин айтымында, спортчулардын формаы 800 евро, мылтык жана тапанчалар 1000 евродон кымбат турат. Ушул тапта Кыргызстанда Чүйдө жана Бишкек шаарында эки тир бар. Анда 80ге жакын спортчу машыгып жатат.
Кыргызстандын Ок атуу спорту боюнча федерациясынын башкы катчысы Жибек Молдоева Олимп оюнуна болгон жолдомо унутта калган спорттун бул түрүнө көңүл бурдурарына ишенип турат:
"Спортко көп каражат жана энергия жумшалгандыктан, аны менен көбү аягына чейин машыкпайт, таштап коюшат. Бизде акыркы эки жылда спортчулардын саны өстү. Бирок, аны таштап кеткендер да көп болду. Каныкей өспүрүмдөрдүн машыктыруучусу болгондуктан, азыркыга чейин спортту сүйүп, калып калды окшойт. Ок атуу интузиасттардын эмгеги менен кармалып турган спорт. Тир салып, шарт түзүп берүү да түйшүктүү иш. Мисалы, эки жыл мурда бизге олчойгон акчага меценант тир курган. Өлкөнүн түштүгү, башка аймактарда да бул спортту өнүктүрүп, шарт түзүүгө талап бар. Мүмкүнчүлүк жок. Адатта бийлик да, эл да ийгиликке жеткен спорттун түрүнө көңүл бурат. Ошондуктан, биз эми байгелүү орунга үмүт артып жатабыз".
Токио шаарында ок атуу спорту боюнча мелдештер ачылыш аземинин эртеси, 24-июлда башталат. Бул спорттун эки түрү жана аялдар, эркектер, өспүрүмдөр арасында он беш медаль каралган. Каныкей Кубанычбекова күчтүү атаандаштары кимдер экенин изилдеп көргөн:
"Атаандаш көргөн өлкөлөрүм бул -Жапония, Кытай, Сербия. Ушул мамлекеттер ок атуу боюнча кыйын. Бизге жеңиш абдан керек. Кыргыз элиме жеңиш керек. Ошондуктан, спортчулар медаль менен кайтууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз".
Буга чейин, 2012-жылы кыргызстандык спортчу Руслан Исмаилов Лондон олимп оюндарына катышкан. Спортчу анда 10 метрге мылтык атуу боюнча мелдешке чыгып, байгеге жеткен эмес.
Кыргызстандык спортчулар Токиодогу жайкы Олимп оюндарында алтын медаль утса 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло медалга беш миллион сом сый акы берилет. Ал эми спортчулардын башкы машыктыруучулары медалга жараша каражат алышат.
Жайкы Олимпиадага 18 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. Олимп оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капитаны болуп грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков дайындалды.
XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт. Ага 200гө жакын улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.