Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:00

Талибдер Ооганстандын түндүгүн бутага алды


Ооганстанда "Талибан" кыймылына каршы чыккан элдик кошуундар жана аскерлер.
Ооганстанда "Талибан" кыймылына каршы чыккан элдик кошуундар жана аскерлер.

"Талибан" кыймылынын жоочулары Ооганстандын түндүгүндөгү Бадгис провинциясынын борборуна да чабуул жасады.

Анын алдында ооган күчтөрү талибдер басып алган райондорду бошото баштаганын жарыялаган болчу. Бул айыгышкан салгылаштар АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып жаткан учурга туура келди.

Күтүүсүз чабуул. Багынган күчтөр.

"Талибандын" жоочулары 7-июлда Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадгис провинциясынын борбору Калайи-Нау шаарына кол салып, полиция башкармалыгы баш болгон кеңселерди басып алды.

Аймак башчысы провинциядагы бардык райондор багынып, талибдер шаарга киргенин “Азаттыктын” ооган кызматына билдирди. Бийлик полициянын коопсуздук кызматынын жетекчиси 100дөй кызматкери менен талибдерге өтүп кеткенин ырастады. "Талибан" провинциянын коопсуздук күчтөрүнүн эки жүздөй аскери багынганын жарыялады. Ошондой эле, өкмөттүк күчтөр салгылаштарда 30га чукул аскерин жоготкону айтылды.

"Талибандын" Калайи-Нау шаарына чабуулу ооган бийлиги талибдер ээлеп алган райондорду кайтарууга убада бергендин эртеси башталды. Расмий Кабул АКШ аскерлери толук чыгып кеткенге чейин жоочулардын мизин кайтарып, алап басып алган райондорду бошотууга өкмөттүк кошуундар тартыларын билдирген.

"Жоопкерчилик ооган бийлигинде калды"

Пентагон болсо ооган жергесинен аскерлерди чыгаруу 90% аяктап калганын, бул иш пландалгандан бир ай эрте бүтөрүн жарыялады.

"Биз ооган коопсуздук күчтөрүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жөндөмүн жогорулатуу үчүн абдан көп убакыт, аракет жана бир топ ресурстарды жумшадык. Эми кезек аларда. Алар өзүнүн элин, аймагын жана эгемендүүлүгүн коргой турган учур келди. Учурда аларда бул өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн конкреттүү бир топ иштерди аткаруу милдети турат", - деди Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби.

АКШнын аскердик жетекчилиги Баграмдагы аскер аба базасы баш болгон Ооганстандагы жети объектини өкмөттүк күчтөргө өткөрүп бергени кабарланды.

Кабулду колдоо чарасы

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Нед Прайс Вашингтон Кабул менен тыгыз кызматташтыгын улантарын маалымдады.

"Президент америкалык аскерлер чыгарын айткан күндөн тарта дипломатиялык корпусту күзөткөн күчтөрдөн башкасы Ооганстандан чыгып кете баштады. Бирок ооган эли, ооган өкмөтү менен 20 жылдан бери келе жаткан кызматташтык улана берет. Аскерлер чыкканы менен бул өнөктөштүк эч качан токтобойт. Биз Кабулдагы дипломатиялык корпусту сактап калабыз. Кандай гана карама-каршылыктуу аскердик кыймылга карабастан, ооган өкмөтүн колдоону уланта беребиз", - деди Прайс.

Бир нече провинцияда талибдер менен ооган өкмөттүк күчтөрү салгылашып, айрыкча өлкөнүн түндүгүндө айыгышкан согуш жүрүп жатканы кабарланууда. Кээ бир дипломатиялык өкүлчүлүктөр ишин токтотсо, айрымдары чектөө киргизгени маалым болду.

"Алар тынчсызданып жатканы табийгый нерсе. Биз ал өлкөлөр менен иштешип жатабыз. Тажикстан Бадахшандагы, чек арадагы Шерхан - Бандардагы кырдаалга кабатыр. Ошондуктан алар кээ бир коопсуздук чараларын өзүнө алып жаткандай", - деди Ооганстандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухиб.

Анын айтымында, Тажикстанга өтө качкан миңден ашуун аскер кайра кайтарылып, коопсуздук күчтөрүнө кошулат.

Расмий Кабул өлкөдөгү ири шаарлардын, магистралдык жолдордун жана чектеш конуштардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Анткен менен ооган күчтөрүнүн өздүк курамындагы аскерлердин "Талибанга" өтүп жаткан себептерин түшүндүрө элек.

“Талибан” бир эле учурда Ооганстандын бир нече провинциясына кол салып, өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганы буга чейин кабарланган.

Ооганстандын түндүгүндө өкмөттүк күчтөр менен бирге бир топ жергиликтүү тургундар, арасында аялдар дагы колго курал алып, талибдерге каршы согушка аттанды. Алардын катарында мурдагы можахеддер да бар.

АКШ баш болгон НАТО быйыл мартта аскерлерин 11-сентябрга чейин Ооганстандан толук чыгарарын жарыялагандан бери "Талибандын" өкмөттүк күчтөргө кол салуусу күчөй баштаган.

40 жылдан бери согуш абалында жашап келе жаткан Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери натыйжа бере элек.

"Талибан" Кыргызстанга коркунуч жаратабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:08 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG