Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Чек арада ок жеген Чыңгыз Түркияда операция болду


Чыңгыз Каработоев Стамбулдагы ооруканада дарыланууда.
Чыңгыз Каработоев Стамбулдагы ооруканада дарыланууда.

Баткендеги чек ара жаңжалында 38 жаштагы Чыңгыз Каработоевдин бутуна жана көзүнө октун чачырандылары тийип, оор жараат алган. Ага Түркияда операция жасалды.

Чыңгыз Каработоев 15-майда иниси Нурсултан менен Түркиянын Стамбул шаарындагы "Чам-Сакура" мамлекеттик ооруканасына келген. Кыргызстандык дарыгерлер анын көзүнө чукул оор операция жасалышы керектигин айтышкан.

Түркиялык дарыгерлер болсо Чыңгыздын бутун дароо операция кылышкан. Чыңгыз сөздү оболу окуяны айтуудан баштады:

"Мен кыргыз-тажик чек арасынан бир жарым чакырым алыстыкта Кыргызстандын аймагында жүргөм. Эки торпогумду талаага алып барып байлап, кайра кайтып келе жаткам. Жолдо кошунам менен сүйлөшүп, үйдү карай кетип баратканда эле эки метр алыстыкта ок түштү. Кайда качам деп отурганча эле дагы бир ок бутума келип түштү. Оң бутум ошондо оюлуп калды. Тажик коңшум бар эле кыргызстандык, ал келип мени көтөрүп "кеттик, кеттик" деп калды. Атылган ок каяктан, кантип келип жарылганын түшүнгөн жокмун. Ошентип туугандарым мени Кулундудагы ооруканага алып барышты. Ал жабык экен, бирок шаймандарды алып чыгып медиктер биринчи жардам көрсөтө башташты. Көзүмдөн мурун бутумдун оорусуна чыдабай турдум ошол жерде. Бирок көзүмдөн кан тамчылап жатканы эсимде" .

Kөзүмөн кан тамчылап жатканы эсимде.

Чыңгызды алгач Исфана шаарына, андан соң Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып барышкан. Ал жактагы дарыгерлер бейтаптын оң көзүнө чукул операция жасалышы керек деген бүтүм чыгарышкан. Ошентип, ага-ини Каработоевдер Стамбулду көздөй жол тартышкан.

"Мен Бишкекте көзүмдү каратып, анан травматология бөлүмүндө жаттым. Жакшы карашты. "Бутуң жакшы болуп кетет" дешкен. Мен көзүмдөн чочулап Түркияны көздөй жөнөдүк. Бирок бул жактагы дарыгерлер бутумдун абалы оор экенин айтып, дароо операция жасалышы керектигин билдиришти. Ушуга чейин эки бутума операция жасалды, эми "дагы жасайбыз" дешти. Көрсө, бутума ок түшкөндө сөөктөрүн жанчып кетиптир. Операцияда ошол жерге кайра сөөк коёбуз дешти. Ал эми көзүмө да бир операция жасашты. Бирок ичиндеги сыныктарга тийген жок. Кайра да жасалат деп эскертишти. Негизи, чек арадагы тополоңго чейин жашоом жакшы эле болчу. Эми коркуп турам. Чек араны катуу көзмөлдөбөсө, эртеңки күнүбүз бүдөмүк болуп калат. Ооруканада жатып алып Баткендеги балдарымды ойлоп, сарсанаа болуп отурам" ,- деди Чыңгыз Каработоев.

Стамбул шаарындагы "Чам-Сакура" мамлекеттик ооруканасы.
Стамбул шаарындагы "Чам-Сакура" мамлекеттик ооруканасы.

Стамбулдагы "Чам-Сакура" мамлекеттик ооруканасынын хирургу Өмер Фарук кыргызстандык бейтаптын абалы боюнча "Азаттыкка" кеңири маалымат берди. Ал Чыңгыздын дарылануусуна кеткен чыгым толугу менен эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимдеги квота аркылуу каржыланарын кошумчалады.

"Бейтап биздин ооруканага келгенде дароо жалпы текшерүүдөн өткөрдүк. Алгач көзүнө эмес бутуна операция жасалат деп чечтик. Кезек менен бейтаптын көзүнө да операция жазайбыз. Түшүнүп турам аларды, башында жеке менчик оорукана жараат алган көзү тууралуу жакшы диагноз койбоптур. Коркуп калган. Андыктан учурда биздин оорукананын эң мыкты хирургдары Чыңгыздын саламаттыгына кам көрүп жатышат. Анын дарылануусу толугу менен эки өлкө ортосундагы атайын келишимге ылайык акысыз болот. Бир гана котормочу жагынан жардам керек болуп жатат",- деди Өмер Фарук.

Чыңгызды Стамбулдагы кыргызстандыктар дагы колдоп, жардам берип жатышат. Алардын арасында тамак-ашын көтөрүп барган, жылуу сөзүн айтып, бейтаптан кабар алгандары бар. Мындай мекендештердин бири Кундуз Мамбетова Чыңгыздын абалын соцтармактардан угуп атайын келген экен.

Кундуз Мамбетова.
Кундуз Мамбетова.

"Түркиядагы "Кыргызстан достук маданият коомунун" мүчөлөрү Чыңгыздын ооруканада экенин угуп, атайын тизме түздүк. Эч болбосо тамак-аш жагынан жардам берели дедик. Kезектешип Стамбулдагы кыргызстандык мигранттар тамак киргизип жатабыз. Сыртта жүргөн ар бир мекендештин өлкөгө кусасы, сагынычы бар. Чек арадагы жаңжал сыртта жүргөн мигранттарды да ойлондурбай койбойт. Акыр-аягы окуялар чечилип, эми абал турукташып калганына сүйүнүп калдык. Деги эле Кыргызстанда мындай окуялар болбосо экен деп тилейбиз".

Чыңгызды коштоп келген иниси Нурсултан агасы бутуна туруп кетерине ишенет. Ал чек арада чырында жараат алган бир тууганына колдоо көрсөткөндөргө ыраазы болуп турган кези.

"Абамдын абалы Түркияга келгенибизде өтө эле кыйын болчу. Азыр мен жанында карап жатам, түзүк болуп баратат. Мен өзүмдүн атымдан, үй-бүлөмдүн атынан бизге жардам берген кыргыз элиме, тааныштарга, чет жакта жүргөн мекендештерге терең ыраазычылык билдирем. Кудай кааласа, абам жакшы болуп кетсе, эл-жери үчүн кызмат кылышка даяр", - деди Нурсултан Каработоев.

Баткенде чек арадагы соңку жаңжалда 154 адам жараат алган, алардын 57си Бишкектеги үч ооруканага жаткырылган. Ушул тушта 12 бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жатат.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө тең бул үчүн бирин-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG