Кызуу билдирүүлөрү менен таанылган Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетти. Ал мунун алдында берген интервьюсунда бийликтин кадамдарын сынга алган эле.
Жапыкеев былтыр октябрь окуяларында чоң роль ойногон. Кийин Финансы полициясын жетектеп, мекеме жоюлуп кеткенден кийин прокурорлукка бекиген болчу.
Кызматтан кетүүнүн күңүрт себеби
Сыймык Жапыкеев кызматтан кеткенин 28-апрелде журналисттерге ырастап, ушул эле күнү арыз жазганын маалымдады. Ысык-Көл облусунун прокурору катары толук бир айдай иштегенден кийинки чегинүүсүн ал өзү “Азаттыкка” мындайча чечмеледи:
“Бүгүн башкы прокурордун иш бөлмөсүнө кирип арыз жаздым. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп “алгылачы жумушуңарды” дедим. Көңүл жатпайт иштегенге. Өзүм иштегим келбей калды. Мындан ары өзүмдүн эле иштерим менен алек болоюн деп жатам. Саякаттайм”,-деди ал.
Жапыкеев кызматтан кетүү себебин кийин айтып берерин белгилеп, кошумча суроолорго жооп берген жок.
Мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Интернетте бийликти кескин сындап белгилүү болгон. Анда ал бир нече депутатты жана баймана кишилерди коррупцияга айыптап билдирүү жасап турган.
2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого оппозициялык «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири болуп барган. Шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу ошол жылдын 5-6-октябрындагы нааразылык акцияларынын алдында турган, Бишкектеги митингдерде баштоочусу болгон.
Ошол окуялар учурунда абактан чыгып, өкмөт башчылык кызматты жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен, 17-октябрда Финансы полициясына жетекчи болгон.
Мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоонун алкагында быйыл 5-мартта Финансы полициясы жоюлуп кеткен. Жумушсуз калган Жапыкеев 30-мартта Ысык-Көл облусуна прокурор болуп дайындалган.
Бул аралыкта Сыймык Жапыкеев саясий темаларга байланыштуу билдирүүлөрдөн карманып келди. Бирок 26-апрелде Super.kg порталындагы маегинде азыркы бийликтин бир нече кадамдарын сынга алган эле.
“Мага “Эмне үчүн чыкпайсың?” дей беришет. Мен эмнеге чыгышым керек? Мына, бардыгы Садыр Нургожоевичти шайлап алышты, сурасын ошондон. Мен президент эмесмин да. Сурасын өкмөттөн, жанагы Марипов деген немеден. Марипов эмне кылды өзү? Эч нерсе иш кылган жок. Канча министрликтерди кошуп, бардыгынын ашмалтайын чыгарышты. Октябрь окуясын биз Мариповду премьер-министр кылалы деп жасаган эмеспиз да. Алар иштесин, а мен башкарган Финансы полициясын жоюп салышты. Адилеттүүлүк жок болуп жатпайбы. “Уу коргошун” деп жатышат, прокурор катары айтайын, аны “мыйзамсыз дарылоо” деп коёт, ал боюнча министрге иш козгош керек болчу. Керек болсо камаш керек болчу. Азыркы бийлик толтура жерлерде туура эмес кадрларды коюп жатат. Садыр Нургожоевич “мага бийликти бергиле, жоопкерчиликти өзүм алам” деп жатат, мына берели, аны да көрөлү”,-деген ал.
Сыймык Жапыкеев мындан башка да жагдайларга байланыштуу азыркы бийликти айыптаган. Анын ичинде былтыркы октябрь окуяларынынжигердүү катышуучулары Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев жана башкалар кызматтан алынып калганын туура эмес деп атаган.
Бирок ушул маектен аз күн өтпөй эле өзү да кызматтан кетип жатат. Бул жагдай коомчулукта бир топ талкууларды жаратты.
“Чоң Казат” партиясынын өкүлү Асхат Осмонов муну саясий басым менен байланыштырбайт, бирок азыркы бийлик менен келишпей калуу болгонун жокко чыгарбайт. Ал өзү да Бишкек мэринин кеңешчиси кызматынан жакында эле кеткенин белгиледи:
“Биз үчүн кызмат маанилүү эмес. Биз болгону эгер ыйгарым укугу кеңири кызмат беришсе, айткан убадаларыбызды далилдеп, чоң иштерди жасап көрсөтмөкпүз. Маселен, Сыймык Жапыкеевге башкы прокурорлук кызматты беришкенде ал коррупция менен күрөш боюнча эл күткөн жыйынтыкты көрсөтмөк. Кичинекей кызмат менен кандай жыйынтык бермек эле? Сыймык да, мен да бул бийликтен кызмат талашкан жокпуз. Оппозицияга кетүү деле максатыбыз жок. Добуш бергендердин 80% ушул бийликти тандады, демек, мындан кийинки жоопкерчилик толук ушуларда. Элдин тандоосун урматташыбыз керек. Бирок бул бийлик мындай кетиште жаман жакка, коркунучтуу жакка баратат. Мунун бардыгы билип, сезип турат. Бирок көрөлү, күтүп туралы. Балким кандайдыр бир керемет жаратып жиберишет”,-деди ал.
“Октябрчылардын” баары кызматтан кетишти...
Былтыр октябрь окуяларынын активдүү катышуучуларынын катарында тургандар бийлик алмашкандан кийин ар кайсы кызматтарга отурушканы белгилүү. Анын ичинде “Чоң Казат” партиясынын лидери Максат Мамытканов менен “Ата Мекен” партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп чыккан Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрликке бекиген. “Ата Мекендин” дагы бир талапкери Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жетектеп калган.
Мамытканов менен Сурабалдиева вице-премьерлик кызматтар кыскаргандан улам, Токтогазиев жаңы өкмөт куралгандан улам иштен кол жуушкан.
Эльвира Сурабалдиева алар убактылуу кызматка баратканын башында эле билишкенин белгилеп, бирок баары бир октябрь окуяларынын катышуучулары кызматсыз калганын калыссыздык катары баалады:
“Негизи “төңкөрүштү фанаттар жасайт, үзүрүн шылуундар көрөт” деген сөз бар. Менин оюмча, бул жагдай мыйзам ченемдүү нерсе окшойт. Бирок маселен биздин, анын ичинде менин вице-премьерлик күбөлүгүм 2021-жылдын 31-мартына чейин эле болчу. Башкача айтканда, биз убактылуу гана кызматка келгенибизди билгенбиз. Ошол убак абдан оор болчу, ошондон чыгып кетиш керек эле. Биздин миссия өткөөл мезгилди түздөө болуп калды, ошону аткардык, анан кызматтан кеттик. Биз октябрь окуяларында эл алдында жүргөнүбүз үчүн ушул кызматтар сунушталган, бирок биз жеке кызыкчылыгыбыз үчүн, кызмат үчүн барган эмеспиз. Бирок соңунда, Сыймык айткандай, “люстрация кылыш керек” деп биз чыкканбыз, а люстрацияны бизге колдонуп коюшту”.
2020-жылкы бийлик алмашуу процессинде активдүү жүргөндөр - “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына, башка бир активист Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына былтыр октябрь окуяларынан кийин дайындалышкан. Алар да быйыл иштен кетишти.
Активист Азият Жекшеев булардын баары Садыр Жапаровдун бийлигине убактылуу кызмат үчүн алданып, соңунда тилдери кыска болуп калганына токтолду:
“Ошол эле Сыймык Жапыкеев “ашканадан” түз эфирге чыгып, маселелерди көтөрүмүш болуп, артынан бир топ элди ээрчитип, жасаган иштеринин максаты эмнеде экени азыр билинип жатат. Октябрь окуяларынан кийин дароо кызматка отуруп алды, анан кийин Финполициядагы кызмат орду жоюлуп, прокуратурадагы кызматы жакпай калгандан кийин кайра эми сындоого өтүп жатат. Ага чейин унчуккан жок, тескерисинче Жапаровдун бийлигин бекемдеп бергендердин бири болду. Кадр саясатын айтып жатат, ал Садыр Жапаров абактан чыгып өкмөт башына келген учурда эле белгилүү болгон. Аны көбүбүз сындап жаттык. Эми анын бийлигин легитимдештирип бергенден кийин анын саясатын туура эмес дегендик - бул элди алдоо, көз будамайлоо.5-октябрда болгон төңкөрүш али бүтө элек, андагы күрөш дагы деле жүрүп жатат. Анткени ал окуянын “тазалануу” деген мүдөөсү аткарылбай калды”.
Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган чакта жана президенттик шайлоого катышкан учурда да “мындан ары мамлекеттик кызматтарга кадрлар сынак аркылуу тандалып алынарын” убада кылган. Ал кызмат орундар тааныш-билиштерге эмес, татыктууларга берилерин айтып жүрөт.
Мамлекет башчысы алгачкы жарлыктарынын бири катары «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бирок ага карабай коомчулукта анын кадр саясатына сынга айткандар арбын.