Кыргызстан Ирактан «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында 79 баланы алып келди. Ирактагы кыргызстандыктардын балдары түшкөн учак 16-мартта таңга жуук Бишкекке конду.
18 жашка чыга элек 79 бала өкмөттүн атайын даярдалган реабилитациялык борборуна жайгаштырылды. Бирок алардын ата-энелери алынып келген жок.
"Эки инимдин балдары келди"
Ирактан келген балдардын арасында Ош облусунун тургуну Марлистин (аты өзгөртүлдү - ред.) эки инисинин балдары да бар. Анын инилери 2014-жылы үй-бүлөсү менен Иракка кеткен экен. Абдувахабдын айтымында, инилери согуш талаасында дайынсыз кетип, аялдары бештен баласы менен Ирактын абагында отурганын эшиткен. Эми алардын балдары Кыргызстанга келгенин угуп, сүйүнүп жатканын айтты.
“Мага азыр эле чалып, балдарды алып келгенин айтышты. Эки инимдин бештен баласы бар. Улуусу 12 жашка чыгып калды. Бардыгын эле алып келишсе керек. Анткени Иракта кыргыз балдары калган жок деп атышпайбы. Он баланы колума берсе багып алганга кудуретим жетет. Өкмөт ата-энеси жок башка балдарды берсе деле бага алам. Өзүм дыйканчылык кылам. Чакан бизнесим бар. Бийликке ыраазычылык билдирем. Эми балдардын энелерин да алып келсе дейм. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп уктум. Балдардын энелери жанында болушу керек да”.
Балдардын кичүүсү эки жашта
Ирактагы кыргызстандык жарандардын балдарын алып келүү өнөктүгүн өкмөт “Мээрим” гуманитардык миссиясы" деп атады. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, мекенине кайтарылган балдарга кыргыз өкмөтү ар тараптуу жардам берет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана кадимки тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык чаралар көрүлөт.
“Балдарды алып келүү боюнча Кыргызстандын бийлиги Ирактын өкмөтү, Эл аралык "Кызыл жарым ай" уюму, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен 2018-жылдан бери эле иш жүргүзүп келе жаткан. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бул миссия ар кандай себептер менен ишке ашпай жаткан. Эми Кыргызстандын жаңы жетекчилигинин саясий эрки менен аткарылды десек болот”, - деди тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.
Кыргыз бийлиги балдарды Бишкекке алып кетүү үчүн Иракта калган энелеринен уруксат алышкан. Алардын эң кичүүсү 2 жашта. Улуусу 18де. Көбү Кыргызстанда төрөлүп, согуш талаасына ата-энесин ээрчип кетишкен. Айрымдары ошол жерде төрөлгөн.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова балдар энелери менен абакта болгонун айтты:
“Бул балдар абактагы энелеринин жанында болчу. Азыр алар апасынан алыс кеткендиктен жаман болуп жатышат. Бул балдарды реабилитациялоо боюнча өкмөт башчынын буйругу чыгып, пландар бекиген. Психолог күнү-түнү иштейт. Керек болсо балдардын жанына жатат. Анын негизинде анализдер чыгарылат. Алар жайгашкан жерде мобилдик клиника иштеп жатат. Дарыгерлер балдардын саламаттыгын текшеришүүдө. Ар бир бала менен өз алдынча иштейбиз. Сабактан калып калгандар бар. Бирок балдарды азыр көп кубандырып, ойнотуу керек. Негатив ойлордон алыстатуу зарыл. Ал үчүн куурчак театр, цирк сыяктуу маданий иш-чаралар болот”.
Солтонбекова кошумчалагандай, эми балдардын документтери толукталат. Белгилүү мөөнөттөн кийин алар Кыргызстандагы туугандарына берилет.
“Балдар азырынча туугандары менен жолуга элек. Бирок алардын жакындары күтүп жатышат. Буга чейин алар “балдарды алып келип бергиле, биз карайбыз, багабыз” деп түшүнүк каттарын жазып беришкен”, - деди Солтонбекова.
Өкмөттүн “Мээрим” гуманитардык миссиясы дагы уланабы-жокпу так маалымат айтыла элек. Бирок ЮНИСЕФтин өкүлү Юлия Олейник уюм кыргыз бийлигине мындан ары да колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
“Бул балдар оор тагдырга туш болушту. Эми алардын келечеги жакшы жакка бурулушу керек. Коргоого алынышы абзел. Коомго аралашып кетүүсүнө шарт түзүлүшү керек. ЮНИСЕФ фонду балдарга балалыгын кайтарып берүү үчүн көмөк көрсөтүүсүн улантат”.
Ал арада АКШ кыргыз өкмөтүн Ирактан 79 баланы мекенине кайтарып келгенин кубаттады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта айтылат.
“Кыргыз өкмөтү кайтып келген балдарга жардам берүү жана аларды тезинен калыбына келтирүү, элине кайра кошуу менен коопсуз жана бейпил жашоого кайтуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча милдетин моюнуна алгандыгы үчүн мактоого арзыйт”, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
АКШ элчилиги Борбор Азия мамлекеттери башка өлкөлөргө салыштырмалуу Сирия жана Ирактан өз жарандарын мекенине көбүрөөк кайтарып алып келгенин белгилеп, дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү үлгү алууга чакырды.
Деген менен "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен жоочулардын үй-бүлөлөрүн жана балдарын алып келүү тууралуу өтүнүчтөр Кыргызстанда карама-каршы пикирлерди жаратып жатат.
Диний коопсуздук боюнча эксперт Икболжон Мирсаидов буларга токтолду.
“Менин оюмча, кыргыз бийлиги Ирактан балдарды гана алып келгенинин себеби алардын ата-энелери согуш талаасында набыт болушкан же соттолуп абактарда отурушат. Ирактын мыйзамдары боюнча абакта жаткан чет өлкөлүктөр чыга албайт. Кыргыз өкмөтүнүн аракети да алсыз болуп жатышы мүмкүн. Бул үчүн башка дипломатиялык каналдар болушу керек. Кыргыз жарандары Ирактын абактарында отурушат. Ал эми Сириядагы кыргыз жарандары качкындар лагерлеринде отурушат. Менимче, кыргыз бийлигинин жарандарын алып келүү боюнча кийинки аракети Сирияда уланышы мүмкүн”.
Сириядагы кыргызстандыктар
10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов өкмөт Сирияга атайын учак жөнөтүү тууралуу буйрук чыгарганын айткан. Бирок бул иш-чара качан, кантип ишке ашары тууралуу толук маалымат айтыла элек.
Сириядагы “Аль-Хол” лагеринде жаткан кызын Кыргызстанга кайтаруу аракети менен жүргөн Хамида Якупова буларды айтты.
“Сириядагы кыргыз жарандарын алып келүү тууралуу азыр эч бир маалымат айтыла элек. Мен бул маселе боюнча буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Тышкы иштер министрлигине кайрылгам. Алар учак адегенде Иракка барат деп айтышкан”.
Бийликке бир нече жылдан бери кайрылып жаткан кыргызстандыктар Сириядагы согуш талаасына кеткен эркектерди эмес, террордук топтун азгырыгына алданган аялдарды жана алардын балдарын алып келүүнү өтүнүп жүрүшөт.
Ушул күндөрү качкындардын көпчүлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан “Аль-Хол” лагеринде жашап жатат. Кыргызстандыктар да ушул лагерде күн кечирип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындан сырткары Сирия менен Түркиянын чек арасында жайгашкан “Рож” лагеринде да кармалып жаткан кыргызстандыктар бар экени айтылат.
Айрым эксперттер качкындар лагерлеринде азык-түлүк тартыштыгы күч экенин белгилешет. Ал жакта жашагандар бул жайларда 90% аялдар жана балдар түзөрүн жана темирдей тартип орногонун, эреже бузгандарга күч колдонуу дайым болуп турарын жакындарына айтып беришкен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сирия менен Ирактан согуш аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.
Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген.
Борбор азиялыктар, анын ичинде кыргыз жарандары Сирия менен Ирактын «Ислам мамлекети» террордук тобу ээлеп алган аймактарына 2013-2014-жылдан тартып кете баштаган.
2013-жылы Сириянын Ракка шаарында негизделип, "халифат" орнотууну жарыялаган бул куралдуу топту дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү террордук уюм деп таанып, ишмердигине тыюу салган.
Кезинде Ирак менен Сириянын көп бөлүгүн өз карамагына алып, "халифат" жарыялап алган "Ислам мамлекети" террордук тобу учурда күчүн жоготуп, миңдеген жоочулары көз жумса, жүздөгөн мүчөлөрү Ирак менен Сириянын абактарында отурат.