Бийликтер мунун башкы себеби катары коңшу Өзбекстандан келген газдын басымы аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.
Сапарбек Паттаев Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Абдыкадыров көчөсүндө жашайт. Ал эки күндөн бери газ өчүп, бир топ ыңгайсыздык жаралганын айтты. Жаш үй-бүлөнүн атасы көп кабаттуу үйдө көгүлтүр отко болгон муктаждык жогору экенин жашырбады.
«Биз көп кабатуу үйдө жашайбыз. Электрди үнөмдөп, газ колдонобуз. Тамак жасайлы деп карасак газ жок. Биз негизи газга көнүп калганбыз да. Эки күндөн бери өчүп турат».
Шаар четиндеги Ишкаван айылында жашаган Кубандык декабрдын орто ченинен бери газдын басымы аз болуп жатканын, жакынкы үч күндөн бери такыр күйбөй калганын белгиледи.
«Декабрдын он бештеринен баштап абал ушундай. Түнкү 10-11лерде келип жатат. Азыр газ жок. Эки-үч күн болду жандырсам, счетчик айланып жатат. Бирок газдын жыты да жок».
Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев Ош шаарынын Амир-Тимур кичи шаарчасында көгүлтүр от жок экенин, калган аймактарга басымы аз болсо да газ жетип жатканын айтты. Ал муну газды керектөөчүлөр көбөйгөнүнө байланыштырды.
«Жер үйдө жашаган көпчүлүк эл жылуулук системасын газга өткөрүшкөн. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл керектөөчүлөрдүн саны дээрлик эки эсеге көбөйдү. Ошон үчүн газдын басымы аз болууда».
Ош шаарында “Газпром Кыргызстандын” жалпы 70 миң абоненти бар. Компаниянын Ош филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов көгүлтүр оттун жетишсиздиги 5 миң абонентти түзө турганын белгиледи.
Ал коңшу Өзбекстанда авариялык абал түзүлүп, ошол себептүү көгүлтүр оттун басымы жетиштүү болбой калганына токтолду.
«Өзбекстандын Мубарак деген жеринде мунайды кайра иштетүүчү жайда авария болду. Ошол себептүү коңшулар жактан келе турган газ эки эсеге азайып кетти. Коңшу тарап авариялык абалды оңдошту. Ал жактан газ берилди. Бизге келип толук системага түшүү үчүн бир-эки күндү талап кылат».
Ош шаары күнүнө коңшу мамлекеттен 160 миңден 200 миң кубга чейин газ алат.
2020-жылдын декабрь айында да газдын басымы азайып, анын башкы себеби катары коңшу Өзбекстандан келген газдын көлөмү азайганы менен түшүндүрүшкөн.
Быйылкы жылы газ тартыштыгы Өзбекстандын өзүндө да болуп жатканы кабарланган. Айрым аймактарда аяздуу кыштагы отун-кубат таңкыстыгы менен байланыштуу социалдык көйгөйлөр элдин бийликке карата нааразылыгын күчөткөн.
Өзбек аткаминерлери отун-кубат жаатындагы кризисти катуу сууктан улам электр кубаты менен газды керектөөнүн кескин жогорулашына байланыштырып келет.
16-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өкмөттүн жыйынында сүйлөп, жаратылыш газын экспорттоону азайтып, алгач калктын муктаждыгын канааттандырууну тапшырган.
«Мен газдын экспортун азайтуу боюнча көрсөтмө бердим. Буга байланыштуу күнүнө 7-8 миллион кубометр газ калктын муктаждыгына жумшалат. Мындан кийин «газ жетишпей жатат» деген сөз болсо таарынбаңыздар. Баарыңар мыйзам алдында жооп берип каласыңар», - деген Мирзиёев аткаминерлерге.
Бишкек газ соодасы боюнча Ташкент менен туруктуу чечишип, сүйлөшө албай, 2014-жылы «Кыргызгаз» ишканасын «Газпромго» шарттуу түрдө 1 долларга сатууга мажбур болгон.
Орусиянын «Газпрому» Өзбекстандан көгүлтүр отунду сатып алып, Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин алган.
«Газпром Кыргызстан» ишканасы Ош шаарында газдын азайышы боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.