Атайын кызмат менен Жогорку соттун тиреши
Улуттук коопсуздук комитети менен Жогорку Соттун тиреши токтой элек. Бүгүн Жарандык көзөмөл комитети төрага Ташиевдин билдирүүсүн "сот системасына басым" деп баалады. Шайлоодогу үгүткө ушул тапта 90 миллион сомдон ашык акча сарпталса, анын жарымы Садыр Жапаровдун штабынан кетти. Серепчилер негизги талапкер ким экени белгилүү болгондуктан, башкалары акчасын короткусу келбей жатканын белгилешет. Европа Биримдигинде коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Биринчилерден болуп улгайгандар менен медициналык кызматкерлер вакцина алат.
Чыгарылыштар
-
Июнь 01, 2026Израил армиясы Ливандын ичкери аймагына кирди
-
Май 29, 2026Орусия мигранттарга көзөмөлдү дагы күчөтөт
-
Май 28, 2026Иран менен АКШ бири-бирине чабуул койду
-
Май 26, 2026Орусия чет элдиктерди Киевден чыгып кетүүгө чакырды
-
Май 25, 2026Жапырт соккунун кесепети: Киевдеги кыйроолор