Маданият кызматкерлери "Кыргызфильм" киностудиясын, Кинематография департаментин реформалоо керектигин айтып жатышат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу кино тармагы каржылык оор абалга кептелди. Кино тармагындагы мамлекеттик ишканаларда, жеке менчик студияларда көйгөйлөр көп экени пандемиядан кийин ого бетер билинди.
Кинорежиссёр, сценарист, продюсер Эрнест Абдыжапаров бүгүнкү күнгө чейин кинотеатрлардын жабык турганына кейиди:
"Кыргыз киносунун абалы абдан оор, аянычтуу. Учурда кыргыз киносу такыр кароосуз калып, өгөй баланын тагдырын башынан өткөрүүдө. Ошого карабастан киночулар эптеп өзүн-өзү багып, кыргыз элинин маданиятын улантканга, кыргыз киносун дарамети жетишинче жакшыртканга аракет кылып жатышат. Бирок пандемия башталгандан бери биз өтө оор абалда калдык. Кинотеатрлар жабылды. Эл жашоо менен өлүмдүн ортосунда турганда биз кимге нааразылыгыбызды айтмак элек?".
Эрнест Абдыжапаров кинотеатрларды ачууга мамлекет эртерээк уруксат бериши керек деп эсептейт:
"Пандемия учурунда карапайым калктын айрым бөлүгү соцтармактагы баракчалары менен алектенсе, айрымдары кыргыздын классикалык кинолорун көрүп руханий азык алышты. Ал эми биз, кино ишмерлери жан дүйнөбүздү эмне менен толтурдук? Курсак камын ойлогон дүкөндөр ушул күнгө чейин ачык турат. Эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин кинотеатрлар ачылбайт? Эгер биз кинотеарларды ачпасак, кино менен алек болгон ишмерлер башка тармакка өтүп кетиши ыктымал. Элдин жан азыгына керек болгон чоң нукту жоготуп албоо үчүн кинотеатрларды ачуу зарыл".
Кино тармагында пандемия маалында ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, башка жактарда иштеп жаткан адистер да бар. Алардын бири - жаш режиссёр Чолпонай Бөрүбаева “Тойбосс” компаниясынын маркетинг бөлүмүндө иштеп жатат:
"Азыр кинодо акча жок. Көп кинолор консервацияда турат. Анткени, бюджетте акча жок,-дейт Бөрүбаева. - Эгерде кыргыз киносу ушул багытта кете берсе, анда улуттук кино тармагынын келечеги бүдөмүк".
Адистер кыргыз киносу реформага муктаж экенин, эски системаны түп-тамырынан бери өзгөртүү керектигин айтып жатышат.
Актёр, режиссёр, сценарист Бакыт Мукул киного мамлекеттик деңгээлде кам көрүлбөй келатканын, бир топ режиссердун эмгеги ара жолдо калганын белгиледи:
"Акчанын башын берип коюшат, аягы берилбейт. Эптеп өз чөнтөгүбүздөн төлөйбүз. Кино жараткан адам айлык албайт. Артисттерге бере турган гонорар да күлө тургандай. Тажрыйбасы көп актрисаларга 1000 сом берилет, бирок салыгын кармап калып, колуна 700 сом алышат. Кинону 40 күн ойнобойт да. Кинонун башында, ортосунда, аягында бир ойнойт. Ошондо үч жолу эле берилет. Бизди мамлекет бааласа, эл кинону ооп көрмөк, кесипкөй кино менен кино сүйүүчүлөргө арналган эмгектердин айырмасын билишмек", - деди Бакыт Мукул.
Саясий жана экономикалык кризиске карабай, Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Калькуттадагы эл аралык фестивалда көрсөтүлө турган болууда. Ал эми эл аралык мобилдик кино фестивалда кыргызстандык режиссёр Алия Макешованын «Өтмүш порталы» тасмасы «Мыкты даректүү тасма» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды.
«Кеч калган» тасмасы «Мыкты актриса», «Мыкты актёр» жана «12 мүнөткө чейинки категориядагы мыкты тасма» номинацияларын утуп алды.
Мындан тышкары режиссер Айбек Дайырбеков “Эрмен жыты”, Бакыт Осмонканов “Такила” кинолорун тартышты.
Режиссер Дастан Жапар уулу кино тармагын жакшыртуу үчүн "Кыргызфильм” студиясына жаңы нормативдерди киргизүү боюнча сунуш берилип жатканын кабарлады:
"Кино тартылган соң эл аралык фестивалга жөнөтүү, кинонун өң-түсүн боёо, үн жаздыруу чыгымдары жазылган эмес. Улуттук "Кыргызфильм" студиясынын техникасын жаңыртуу зарыл. Азыр кинотеатрлар Интернетке өтүп жатат. Бир сервер менен башкаруу үчүн кино прокат жагын жакшы жакка өзгөртүү кажет. Эң башкысы, киного бөлүнүүчү каражатты көбөйтүү зарыл. Биздин жаштардын мүмкүнчүлүгү көп, бирок аларды бир аз шыктандыруу керек. Мисалы, өзбек киносуна 6 миллион доллар каражат бөлүнөт, биздин киного караганда жылдык бюджеттен он эсе көп, казактардын сериалдарын кошо турган болсок, алардыкы 50 эсе көп. Ошондуктан алар дүйнөлүк деңгээлге чыгарып сатып жатышат. Албетте, биз алардыкындай бюджетти сурабайбыз, бирок бир аз кошулса деген тилегибиз бар. Кыргыз кинолору дүйнө жүзүн кыдырып прокатта жүрсө жакшы болмок".
Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун жаны тасмасы "Акыркы көч" (The Road to Eden) деп аталат. Ал дүйнөлүк "24th Black Night Film Festival" деп аталган кароо-сынакка катышат.
Режиссер Бакыт Мукул да маданият тармагын көтөрүүгө көңүл бурууга бийликти чакырды:
"Азыр маданият кызматкерлери экинчи планда калып калды. Дүйнө жүзүндө деле чыгармачылык адамдар иштеп жаткан кезинде бааланат. Карыганда каралбай калат. Дүйнөлүк аренага чыкканда художник, композитор, киночу, жазуучу - ким гана болбосун айырмасы жок, булар картайганда жашоосу абдан оор болуп, көчөдө калып өлгөндөрү бар. Андайлар биздин чыгармачыл тармакта да бар. Биз тасманы “Акыркы көч” деп атаганыбыздын себеби, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын билгендердин баары өтүп кетсе, кийинки цивилизациядагы жаштар эмне болот? Ырым-жырымды деле билбей калышабы? Кайсы элди туурап баратканыбызды билбейбиз, чыгарма ошол тууралуу. Тасма "карыны урматта" деген багытты берет. Башка дагы философиялык терең көз караштар бар", - деди Бакыт Мукул.
2-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.
Министрликтин маалыматына караганда, карантинде кинотеатрлар коммуналдык кызматтарга, ижарага акча төлөп, кызматкерлердин эмгек акысын да жарым-жартылай берип жатат. Ал эми узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын каржылык абалы оор.
Ушул жылдын апрель айынан бери кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынганына байланыштуу айлык төлөнө элек.