Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Адвокат: Сот Атамбаев баштаган жоон топ саясатчыны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында, Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев жана башка айрым адамдар сот чечими менен бошотулушту. Аларды Биринчи Май райондук сотунун судьясы Майрамбек Сыдыков 11-ноябрга чейин, соттук териштирүүлөргө чейин үй камагына чыгаруу тууралуу токтом кабыл алган.

Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон.

Ушул эле таңда №27 абактагы экс-депутат Садыр Жапаров, Петровка абагындагы мурдагы премьер министр Сапар Исаков, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияга айыпталып камалган мурдагы аткаминерлер абактан бошотулган. Сапар Исаков абак жетекчилигинин уруксаты менен жети күндүк мөөнөткө абактан чыкканын "Азаттыкка" айтты.

5-6-октябрдагы тополоңдо ондогон адам жараат алып, бир киши мерт болду. Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG