Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

«Матраимовдун падышалыгы» аттуу журналисттик иликтөө чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги, «Bellingcat» уюму бирге жасаган бул иликтөө Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеп, жетекчинин орун басарынын кызматына чейин жеткен Райымбек Матраимов бажыдагы көз боёомочулуктарга кантип көмүскөдөн жол ачып турганын көрсөтөт.

Матраимов азыр Мамлекеттик бажы кызматында иштебейт. Ошентсе да ал мартабалуу мамлекеттик кызматтарды ээлеген бир туугандары менен бирге эсепсиз байлык топтоп, аны таасир этүүнүн булагына айланта алды.

Аны кантип ишке ашырганын OCCRP, «Азаттык», «Kloop» жана «Bellingcat» жаңы иликтөөсүндө ашкерелейт.

Борбор Азиядагы эки таасирдүү үй-бүлө далай жыл соода империясын куруу аракетинде аткезчилик менен шугулданып келген. Азыр эми алар туугандары жана ишеничтүү адамдары аркылуу Кыргызстандагы маанилүү үч бажы терминалын көзөмөлдөшөт.

Интерактивдүү карта Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы 20дан ашуун мүлкүн камтыйт. Баасы асман чапчыган батирлерден тартып соода-сатык борборлоруна чейинки кыймылсыз мүлктүн көбү өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн мамлекеттик кызматта өткөргөн ага-ини Райымбек, Искендер, Тилекбек Матраимовдордун декларацияларында көрсөтүлгөн эмес.

Кабарчылар мынча мүлк Матраимовдорго таандык экенин компанияларды каттаган базаны, социалдык медиага чыккан маалыматтарды, жер сатып алуу реестрин изилдеп отуруп табышты. Бул үй-бүлө башка дагы көптөгөн компанияларга ээлик кылат, бирок алардын көбү кагаз бетинде гана калып же жасалма дарекке катталган. Андайлар бул картага камтылган жок.

Журналисттик иликтөө жасалып жатканда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаттарына жана Искендер Матраимовдун басма сөз кызматына комментарий сурап кайрылдык. Искендер Матраимовдун жардамчысы «үй-бүлө өкүлдөрү жекшембидеги шайлоого чейин эч кандай комментарий бере албайт» деп жооп берди.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Клооп» медиасы жүргүзгөн орток иликтөөлөрдө теги кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Кыргызстан аркылуу жүк ташыган компаниясы көмүскө ишмердиктен жүз миллиондогон доллар тапканы жана ал каражатты адалдоо жолу менен өлкөдөн чыгарып кеткени ашкере болгон. Абдукадырдын жүк ташуу бизнесин Мамлекеттик бажы кызматы калкалап турган. Бул ишмердиктин чордонунда жүргөн Айеркен Саймаити мунун баарын ачыкка чыгарып, ошол кезде бажыда жетекчи кызматта иштеген Райымбек Матраимов пара алып турганын айткан. Ал сөзүн ырасташ үчүн жүз миңдеген долларлар Абдукадырдын нускоосу менен «Ысмайыл Матраимов атындагы фондуна» келгенин далилдеген түпнуска, көчүрмө жана электрондук документтерди берген.

Иликтөө учурунда Матраимовдор менен Абдукадырлар үй-бүлөсүнүн башка да бизнес байланыштары, Райымбек Матраимовдун аялынын Дубайда 12,5 миллион долларлык, декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү табылган. Матраимовдун ыктымал мыйзамсыз байыганы тууралуу эл арасынан президентке суроо берилгенде Сооронбай Жээнбеков аны далилдеген «факты бериш» керек экенин айткан.

Иликтөөнү толугу менен бул жерден окуңуз: https://www.azattyk.org/a/matraimovdun-padyshalygy/30868879.html

XS
SM
MD
LG