Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:35

Израил: премьерге каршы акциялар кагылышуу менен коштолду


Полиция акцияга чыккан 12 адамды кармап кетти.
Полиция акцияга чыккан 12 адамды кармап кетти.

Израилдин бир катар шаарларында 25-июлда күүгүм киргенде миңдеген жарандар премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга каршы акцияга чыгышты. Алар негизинен жумушсуздукка, коррупцияга нааразы болуп, өкмөт башчынын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүн сынга алышты.

Иерусалимде демонстранттар Нетаньяхунун резиденциясынын жанына топтолушту, полиция аларды кууп таратуу үчүн суу менен атты. Акцияга чыккан 12 адам камакка алынды.

Каршылык акциялары Тель-Авивде жана Кейсарияда өкмөт башчынын үйүнүн жанында да өттү. Алар "Бир миллион жумушсуз", "Кылмыштын министри", "Биби кызматтан кетсин" деген ураандарды кыйкырып турушту. "Биби" - Нетаньяхунун эл арасындагы каймана аты.

2009-жылдан бери бийликте турган, 70 жаштагы Нетаньяхуга Башкы прокуратура «Пара алуу», «Көз боёмочулук» жана «Ишенимди кыянат пайдалануу» деген беренелер менен кылмыш ишин козгогон. Анын соту 24-майда башталган.

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантинден улам өлкөдө жумушсуздар көбөйдү. Израиль май айынан бери чектөөлөрдү жумшарткандан баштап ооругандардын саны да көбөйүп жатат.

Израилде коронавирус 60 миңден ашык адамдан аныкталган жана бул илдеттен 450дөн көп бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG