Талкуу учурунда комитет төрагасы, депутат Исхак Пирматов бул келишим боюнча түшүнбөстүктөр болуп жатканын, базанын Кыргызстандын коопсуздугу үчүн мааниси чоң экенин билдирди. Ал Орусиянын КМШдагы башка өлкөлөрдөгү аскер базаларына акы төлөнбөй турганын эске салды. Келишим күчүнө кирсе базанын аянтынын кеңейишинин эсебинен Кыргызстанга жылына 291 миң доллар төлөнөрүн айтты.
Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. Эреже боюнча эми маселе жалпы сессияда каралышы керек.
Мыйзам долбоору буга чейин аталган комитеттин күн тартибинен үч ирет киргизилип, кайра алынган. Буга долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жок деген жүйө айтылган.
Долбоор Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар «жер Орусияга өтүп жатат» деп тынчсызданышкан.
Ал эми Башкы штаб Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирип жатат.
2-июнда Башкы штаб инвентаризациянын жыйынтыгында Орусия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү сунушталып жатканын айткан.
Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.
Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар: Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдовар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.
Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. 2013-жылы расмий Бишкек Транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) жайгаштыруу жөнүндө АКШ менен макулдашууну денонсация кылган, андыктан 2014-жылдын 11-июлуна чейин Вашингтон бул объектини толугу менен чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Америкалык базаны өлкөдөн чыгаруу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убадаларынын бири болгон. АКШ ТЖБнын ижарасы үчүн жылына 60 млн. доллар төлөп келген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.