2-майдагы селдин кесепеттерине байланыштуу Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды. Акимдин буйругу менен атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
Лейлек: селден кийинки көрүнүш
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү.

1
Нөшөрлүү жаандан кийинки сел зыянга учураткан үйлөрдүн бири.

2
2-майдагы селдин кесепеттерине байланыштуу Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды. Акимдин буйругу менен атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

3
Сел үйлөрдүн айланасын лака ылайга толтуруп салган.

4
Селден кийин урап калган үй.

5
Суу ташкынынан кийин короосун тазалап жаткан тургун. Нөшөрлөгөн жаан учурунда калың мөндүр да жааган.

6
Райондук акимчиликтен "Азаттыктын" кабарчысы алган маалыматка караганда, учурда кырсыктын чыгымдары эсептелип жатат.

7
Суу ташкынынан кийин короосун тазалап жаткан тургун.

8
Сел үйлөрдү ылайга толтуруп салган.

9
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ Лейлек районунда жүрөт.

10
Суу каптаган чарбак.

11

12

13
Спорт аянтчасы кыяндан кийин.

14

15

16
Суу ташкыны чарбактарды лака ылайга толтуруп салган.

17

18
Суу каптаган үйлөрдүн бири.

19
2-майдагы сел айдоо аянттарына да зыян келтирген.

20