2-майдагы селдин кесепеттерине байланыштуу Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды. Акимдин буйругу менен атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
Лейлек: селден кийинки көрүнүш
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында 2-май күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарында сел жүрдү.

21
Куткаруучулардын жана техникалардын жардамы менен тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

22
Сел Ош-Баткен-Исфана жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум-шагылдарга толтурган.

23
Суу каптаган үйлөрдүн бири.

24
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Мин-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган.

25

26

27

28
Учурда сел калдыктарын тазалоо жумуштары жүрүүдө.