Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

«Эки кызым менен көчөдө калдым»


Бишкекте карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук 62 пайызга көбөйдү. Мындан улам укук коргоочулар өкмөттөн, Ички иштер министрлигинен карантин учурунда жардам көрсөтүү боюнча алгоритм иштеп чыгууну талап кылышты.

Бишкек шаарынын тургуну Айгүл бир күн мурда күйөөсү эки баласы менен үйдөн кууп чыкканын айтып берди. 3 жарым жаштагы жана үч айлык эки кызы менен келинди милиция блокпосттон өткөрбөй, кайра үйүнө кайтарып келген. Айгүлдүн коопсуздугугун эске алып, биз ага кесиптеши катары телефон чалдык:

«Жолдошум телефон чалган сайын карап, аңдып жатат. Азыр андан качып сүйлөшүп жатам. Ал улуу кызымды батырбай, ошондон улам уруш көп чыгат. Кайненем биз менен чогуу жашайт, ал мени жашаткысы келбейт окшойт. Кечээ урганда кулагым жарылып, кан чыкты. Ошондон улам кыздарымды алып кеткен элем. Милиция «болду, урушпагыла» деп үйгө жеткирип койду. Күйөөм болсо «мени милиция менен коркутасыңбы» деп урушуп жатат».

Эки баласы менен көчөдө калган келин жардам сурап курбусу Камилага чалган экен:

«Бул курбумдун экинчи никеси. Бирок ага тийгенден бери бети-башы көк ала. Курбум «экинчи жолу ажырашсам эл-журтка уят болом» деп чыдап жүрдү. Буга чейин бир жолу меникине келип жашап кеткен. Анын биринчи турмушунан бир баласы бар. Кайын журту аны «көп жейт, нанды ушул эле жеп коёт» деп тилдешет экен. Кыскасы, батырбай коюп, ошондон уруш чыгыптыр. Бара турган жери жок. Карантин бүткөнчө баш калкалоочу жер болсо деп издей баштадым. Бирок баары ишин токтотушканын айтып жатышты. Азыр эми кайра эле күйөөсү менен жашап жатат».

Камиланын кайрылуусунан кийин Айгүлдүн ишин укук коргоочулар, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги көзөмөлгө алган. Бир нече сааттан кийин келин балдары менен коопсуз жайга жайгаштырылганын айтып чалды:

«Сиздерге чоң рахмат. Мага балдарым менен батирди ижарага алып беришти. Карантин бүтсө өзүм иштеп, балдарымды багып кетем. Кайда барарымды гана билбей жаткам».

Бул карантин учурунда зомбулукка дуушар болгон келиндердин бири гана. Бишкекте коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди:

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Бул көрсөткүч быйыл былтыркы жылдын ушундай мезгил аралыгына салыштырганда дээрлик 62 пайызга жогору. 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды».

Орозалиев үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды кабыл алган баш калкалоочу кризистик борборлордун ишине уруксат берүү маселесин карап чыгууга макул экенин, бирок ал жайларда коронавирустун жайылбоосу үчүн бардык коргонуу шарттары камсыз болушу талап экенин билдирди.

Карантин башталгандан бери өлкөдөгү кризистик борборлор кабыл алууну токтотуп, жардам берүүнү онлайн режимине өткөрүшкөн. Учурда ар бир аймактагы борборлордун ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.

Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тилекова учурда ыкчам байланыш - зомбулук курмандыктары үчүн биринчи жардам экенин билдирди:

Толкун Тилекова
Толкун Тилекова

«Ушул учурда кризистик борборлор убактылуу ишибизди токтотууга аргасыз болдук. Биз мамлекеттик эмес уюм болгондуктан өкмөттүн талабына баш ийишибиз керек. Бирок карантин убагында үй-бүлөлүк зомбулук күчөп, жабырлануучулар кайда барарын билбей жатышат. Эгер зомбулук тууралуу айтып, телефон чалса милицияга кайрылыш керек экени айтылат. Бирок азыркы жагдай жабырлануучуларга коопсуз жай жок экенин көрсөттү».

Ал ортодо 300дөн ашык укук коргоо уюмун камтыган «Сообща» бирикмеси үй-бүлө зомбулугу боюнча өкмөт жана Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдоду. Бирикменин өкүлү Надира Масюмова кайрылуунун мазмуну жана талаптары тууралуу буларды айтты:

Надира Масюмова.
Надира Масюмова.

«Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу үчүн атайын алгоритм иштелип чыгышы керек. Анткени карантин учурунда жабырлануучулар да, милиция кызматкерлери да эмне кылаарын билбейт. Ушундан улам биз өкмөттөн жана Ички иштер министрлигинен карантинде үй-бүлө зомбулугуна каршы чара көрүү боюнча протокол иштеп чыгышын талап кылабыз. Өзгөчө абал режимдин эрежелери ишке киргенине бир айдан ашты, бирок ушу күнгө чейин бул маселеге тийиштүү көңүл бурула элек деп эсептейбиз».

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөдө зордук-зомбулук күч алды. Адистердин айтымында, адамдар көнүп калган шартынан оолак, үйүндө чыкпай отурууга аргасыз болгон шартта эмоцияларын жакындары менен балдарынан чыгара баштаган.

Расмий эсепке ылайык, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталып, 5 миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG