Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына камалды


Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митингин Каныбек Осмоналиев алып барган. Бишкек шаары. 2-март, 2020-жыл.
Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митингин Каныбек Осмоналиев алып барган. Бишкек шаары. 2-март, 2020-жыл.

Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, экс-депутат Каныбек Осмоналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМКнын маалыматына караганда аны менен кошо митингдин дагы бир Д.А. аттуу катышуучусу киргизилди. Бирок бул орган анын ысымын толук атай элек. Кармалгандар Жазык кодексинин 39-жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») боюнча кылмыш үчүн шек саналууда.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, бөгөт чарасы каралат. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Мунун алдында УКМК 2-марттагы митингдин уюштуруучулары катары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар кармалганын билдирген. Жогоруда аты аталгандардан башкасы кайра коё берилген.

Мурдараак Ички иштер министрлиги (ИИМ) митингде милиция кызматкерлери 166 жаранды кармашканын, алардын төртөө камакка алынганын билдирген.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен. (ErN)

XS
SM
MD
LG