Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

Камчыбек Ташиев: Бишкектеги митингди башка күчтөр колдонуп кетишти


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-министр Камчыбек Ташиев саясаттагы үзөңгүлөшү Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги тууралуу комментарий берди. Ал 2-мартта өткөн митингди финансылык, моралдык жана саясий жактан да колдобогонун айтып, ага эч кандай катышы жок экенин билдирди:

«Мен Садыр Жапаровду толук колдойм. Аны боштондукка чыгарыш үчүн колумдан келген бардык мыйзамдуу күч-аракетимди жумшап келе жатам. Былтыр 19-декабрда Жапаровду бошотууну талап кылган митингге да катышып, барып колдоп бергем. Кечээ, 2-мартта болгон митингде Садыр Жапаров деп коюп, акцияны башка күчтөр колдонуп кетип жатканын көрүп, билип туруп, мен колдогон жокмун».

Айрым маалымат булактары Камчыбек Ташиев 2-марттагы митингди уюштуруучулардын жана каржылык колдоо көрсөткөндөрдүн бири катары жазып чыгышкан.

Камчыбек Ташиев былтыр декабрдагы митингге катышып, «Жапаровдун эркиндикке чыгарылышын каалабаган олуттуу күчтөр бар» деп айткан.

2012-жылдын 3-октябрында Кумтөрдү мамлекеттештирүү тууралуу талап менен митингге чыккан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын оппозициядагы депутаттары, «Ата Журт» фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго, Талант Мамытовго мамлекетти басып алууга аракет кылган деген күнөө коюлуп, алар сот жообуна тартылып, кийин соттуулугу жоюлган.

Быйыл 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда милиция менен митингичилер кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет митингге байланыштуу эки кишини, анын ичинде экс-депутат Каныбек Осмоналиевди убактылуу кармоочу жайга киргизди. УКМК алар «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шек саналып жатканын билдирүүдө.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG