Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Саламаттык сактоо министрлиги: Митингде жабыркаган 22 адам ооруканага кайрылды


Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингчилерди таратуу учуру. Бишкек, Кыргызстан. 2-март, 2020-жыл.
Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингчилерди таратуу учуру. Бишкек, Кыргызстан. 2-март, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги 2-марттагы митингде жабыркаган 22 адам медициналык жардам сурап, ооруканаларга кайрылганын кабарлады. Мунун ичинен 19у күч кызматкерлери, үчөө катардагы жарандар.

Мекемеден билдиришкендей, жабыркагандардын 21и биринчи жардам алгандан кийин үйдө дарыланууга чыгарылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Мээси чайкалып, моюн омурткасынан жараат алган бир милиция кызматкери Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылды.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу жөнүндө талап менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Ички иштер министрлиги окуянын 166 катышуучусун кармап, анын төртөөнү камакка алды, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эки кишини, анын ичинде экс-депутат Каныбек Осмоналиевди убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Садыр Жапаров Караколдогу митингде мамлекеттик кызматкерди барымтага алууга тиешеси бар деген негиз менен 2017-жылы камакка алынган. 2019-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы чечимди кайра караган жана мурдагы жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартып, он жылга кескен.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG