Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Укуктук жардам берген «Тилектештик автобусу» өнөктүгү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында тургундарга акысыз укуктук жардам берген «Тилектештик автобусу» өнөктүгү башталды. Ал 24-26-октябрь аралыгында болорун мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Юристтер жашоочуларга бардык маселелерде кеп-кеңештерди берип, көйгөйлөр талкууланат.

- 24-октябрда Алтын-Бешик, Көлмө, Жеңиш, Бугу эне - Багыш, Ак-Ордо, Ак-Өргөдө, 25-октябрда Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Рухий-Мураста, 26-октябрда Ак-Тилек, Энесай, Бакай-Ата, Ак-Бата конуштарында өтөт, - деди Алмамбетова.

«Тилектештик автобусу» өнөктүгү 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. Аны Юстиция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда мэрия жана башка жергиликтүү бийликтер менен кошо ишке ашырууда.

Анын максаты - элдин укуктук сабатын жогорулатуу. (SE)

XS
SM
MD
LG