Быйыл республика боюнча 1-11-класска чейин жалпы билим берүүчү орто мектептерде 1 млн. 268 миң окуучу билим алат. 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 2 миң 265 мектеп иштеп жатат.
Мекенге мектеп жетпей турат
Быйыл Кыргызстан боюнча 15 мектептин курулушу бүтүп, ишке кирди. Курулушу бүтө эле дагы 124 мектеп бар. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган жеке менчик мектептер да быйыл окуучуларга эшигин ачты. "Азаттык" баш калаадагы жана аймактардагы жаңы ачылган мектептердин сүрөттөрүн чогултту.

21
Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкы башкармалыгынын жетекчиси Шумкар Пазиевдин билдиришинче, Ош шаарында төрт орто мектептин курулушу токтоп турат.

22
Эгер мектептердин курулушу бүтсө, 1 миң 670 окуучу жаңы мектепте билим алганга жол ачылат.

23
Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, Ош облусу боюнча алты мектептин курулушу бүтүп ишке берилди.