Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Министрлик акындарга: Акча аздыгына карабастан элди көбүрөөк кыдыргыла


Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

Акын, жазуучулар каражат тартыштыгына карабай элди көбүрөөк аралап, коомдун руханий жана билим көрөңгөсүн бийиктетүүгө аракет кылышы керек. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү менен өткөн жолугушууда министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирди.

“Маданият десе эле биринчи кезекте опера, балет, театр, концерт жана кинону түшүнөбүз. Бирок бул тармактар акын, жазуучу, драматургдардын чыгармаларысыз өнүгө албайт. Маданияттын өзөгү – сөз. Ошондуктан улуттук маданиятты сактоодо жана байытууда калемгерлердин ролу эбегейсиз” деди Кадырбеков.

Жыйында Жазуучулар союзунун 85 жылдыгын өткөрүү, китеп басып чыгарууну колго алуу максатында демөөрчү тартуу, “Адабият күнүн” алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнөн башка күндө өз алдынча белгилөө, “Бир адамдан бир китеп” сыяктуу демилгелерге катышуу аркылуу элди китепке кызыктыруу ишине акын, жазуучуларды көбүрөөк аралаштыруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Натыйжада министрлик менен жазуучулар уюмунун кыргыз адабиятын көтөрүү боюнча биргелешкен планынын долбоору жактырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG