Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

Украин шайлоосу: сурамжылоодо Зеленский алдыда келатат


Владимир Зеленский (оңдо) менен Петро Порошенко.
Владимир Зеленский (оңдо) менен Петро Порошенко.

«Рейтинг» социологиялык тобу 18-апрелде жарыялаган жаңы сурамжылоого ылайык, ага катышкандардын 57,9 пайызы актёр Владимир Зеленскийди, ал эми 21,7 пайызы азыркы президент Петро Порошенкону колдой турганын билдиришкен. 12-апрелден 16-апрелге чейин жүргүзүлгөн сурамжылоого Крымдан башка бардык аймактан 3000 киши катышкан.

«Рейтинг» уюмунун буга чейинки сурамжылоосу 5-10-апрелде жүргүзүлүп, анда Зеленскийди 61, ал эми Порошенкону 24 пайыз эл колдой турганы аныкталган.

Кезектеги сурамжылоонун жыйынтыгы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына үч күн, ал эми эки талапкердин 70 миң адам баткан «Олимпийский» стадионундагы дебатына бир күн калганда жарыяланды.

Ички иштер министри Арсен Аваков саясий дебатты көрүүгө 60 миң адам келерин жана коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн маалымдады.

53 жаштагы Петр Порошенко экинчи президенттик мөөнөткө ат салышууда. Ал өзүн күчтүү кол башчы, Орусияга татыктуу каршылык көрсөтө алган лидер катары сыпаттап келе жатат.

41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ал өзү негиздеген «Квартал-95» студиясы менен концерттерди коюп, элге куудулдук өнөрүн, телесериалдарын тартуулап келди. 2014-жылы Европага ык алган тарапты колдоп, жарандык позициясын да билдирген. Өзүн жаңы муундун өкүлү, келечектеги карапайым президент катары көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG