Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Суталиновдун соту 7-февралга жылдырылды


Мурат Суталинов сотто. 30-январь, 2019-жыл.
Мурат Суталинов сотто. 30-январь, 2019-жыл.

2010-жылдын апрель окуясынан кийин камалган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги жетекчиси Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу боюнча арызды кароо прокурор келбей калганына байланыштуу 7-февралга жылдырылды.

Маселе Мурат Суталинов "өсмө (рак) оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткен" деген жүйөгө байланыштуу Бишкектин Ленин райондук сотунда каралмак.

Мурат Суталиновдун адвокаты Тимур Карабаев "Азаттыкка" сүйлөп жатып, соттолуучунун абалы чын эле оор экенин, ал дарыланышы зарыл экенин билдирди.

Мыйзамга ылайык, абакта отурган жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда сот аркылуу эркиндикке чыгууга укуктуу. Ал үчүн соттолгон жарандын ден соолугу боюнча дарыгерлер бүтүм чыгарып бериши керек.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (BkA/KR)

XS
SM
MD
LG