"Кыялдан" капчыгы кампайгандар
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына кылмыш ишин козгоду. Бишкектеги Ош базардын бир бурчунда жайгашкан бул мекемедеги коррупциялык схема, чакан топтун гана үй-бүлөлүк бизнесине айланганы, акчанын кымырылышы тууралуу доомат бир канча жылдан бери эле айтылып келет жана белгилүү өнөр адамдары "Кыялды" маданий-туристтик борборго айлантууну талап кылып жүрүшөт. "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнүн бул чыгарылышында "Кыялдагы" чуулгандуу жагдайлар иликтенди.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт