"Кыялдан" кымырылган акча (анонс)
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына кылмыш ишин козгоду. Бишкектеги Ош базардын бир бурчунда жайгашкан бул мекемедеги коррупциялык схема, чакан топтун гана үй-бүлөлүк бизнесине айланганы, акчанын кымырылганы тууралуу доомат бир канча жылдан бери эле айтылып келет жана белгилүү өнөр адамдары "Кыялды" маданий борборго айлантууну талап кылып жүрүшөт. "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнүн бул чыгарылышында "Кыялдагы" чуулгандуу жагдайлар иликтенди. Телеберүүнү 23-январда саат 20.00до, ЭлТР телеканалынан көрүңүз.
Чыгарылыштар
- 
![Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар]() Декабрь 23, 2022 Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
- 
![Чаткал: чачылган чачыранды алтын]() Декабрь 13, 2021 Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
- 
![Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар]() Ноябрь 19, 2021 Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
- 
![Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт]() Февраль 09, 2021 Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт
 
 
 
 
 
 
 
 
 
