Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Чехия 1968-жылы СССР аскерлеринин киришин "оккупация" деп атады


Прага, 21-август, 1968-жыл.
Прага, 21-август, 1968-жыл.

Чехиянын парламенти 1968-жылы СССРдин жана Варшава келишими уюмунун аскерлеринин өлкөгө кирип келишин "басып кирүү" жана "оккупация" деп атады.

Парламент кабыл алган резолюциянын максаты тарыхты бурмалоону токтотуу экени белгиленген. Документти Христиан демократтар партиясы сунуштаган. Алардын айтымында, резолюция комчулукка, башка өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга карата "так билдирүү" болмокчу.

Мындан 50 жыл мурун, 1968-жылдын 21-августунда "Варшава келишимине» кирген өлкөлөрдүн армиясы Чехословакияга басып кирген. «Дунай» деп аталган операцияга жүз миңдеген жоокерлер, миңдеген танкалар тартылган. Чехословакияга кирүү тууралуу чечимди СССРдин жетекчилиги кабыл алып, советтик армия негизги күч болгон.

Операциянын максаты “Прага жазы” деп аталган реформачыл кыймылдын жана аны ишке ашырууга белсенген чехословак бийлигинин мизин кайтаруу болгон.

XS
SM
MD
LG