«Клооп» басылмасынын дагы бир журналисти Айдай Эркебаева жана мурдагы кызматкери Зара Сыдыгалиева УКМКда сурак берип жатканын медианын сайты маалымдады. Маалыматка ылайык, атайын кызмат аларды кармоо себебин түшүндүргөн жок жана аларга адвокаттар кое берилбей жатат.
Сыдыгалиева сөз болгон маалымат каражатынан 2023-жылы кеткен.
Буга чейин, 28-майдын таңында басылманын Оштогу кабарчысы Зыягүл Болот кызынын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, укук коргоо органдары аны суракка алып кетишкенин “Азаттыкка” Kloop-тун башкы редактору Анна Капушенко билдирген.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, укук коргоо кызматкерлери тинтүүдөн кийин Зыягүл Болот кызынын ноутбугун жана смартфонун алып кетишкен.
УКМК журналисттин үйү тинтилгени жана ал суракка алынганы жөнүндө азырынча комментарий бере элек.
Түшкө жуук медианын Бишкектеги оператору Александр Александровдун үйүндө тинтүү жүрүп, анын өзүн УКМКга суракка алып кеткен. Ага да мунун себептери түшүндүрүлгөн эмес.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда Kloop Media коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган арызы себеп болгон.
Учурда Кыргызстанда Kloop басылмасынын сайты бөгөттөлүп турат.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети кыргыз сотунун чечимин айыптаган билдирүү таратып, эркин медианын жабылышын "Кыргызстандын тарыхындагы кара так" деп атаган.
Шерине