Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:40

АКШ Орусиянын ири кибер чабуулунун алдын алганын билдирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигинин 23-майда билдиргенине караганда, ал Орусиянын аскердик чалгын кызматына байланышы бар хакерлик топ көзөмөлдөгөн интернет-доменди кармай алды. Маалыматта "ал топ ири кибер чабуул даярдап жаткан, балким чабуул Украинага каршы багытталмак" деп айтылат.

Мындан бир күн мурун Украинанын Коопсуздук кызматы да Орусия “ири масштабдагы” кибер чабуул коюшу ыктымал экенин, бул Чемпиондор лигасынын Киевдеги финалдык оюну сыяктуу ири окуяларга туш келиши мүмкүн болоорун эскерткен.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу - ФБРдин маалыматы боюнча алар аныктаган интернет-домен APT28, "Pawn Storm", "Sandworm", "Fancy Bear", "Sofacy Group" деп ар кандайча аталган хакерлик топко тиешелүү.

Бул хакерлик топ азыркыга чейин бир катар өлкөлөргө, энергетикалык түйүндөргө, ЕККУнун, Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин компьютерлик системасына чабуул койгону үчүн айыпталган.

АКШнын Юстиция министрлиги сотко жөнөткөн документте "Sofacy Group" Орусиядан чыккан, кибер тыңчылык менен алектенген топ экени белгиленген, бирок артында ким турганы айтылган эмес.

Анткен менен мурдараак АКШнын чалгын агенттиктери бул топту Орусиянын аскердик чалгын мекемеси – ГРУга байланыштырышкан.

Кремл болжолдуу хакерлик чабуул боюнча соңку билдирүүгө азырынча комментарий бере элек. (UE)

XS
SM
MD
LG