Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:18

Ашхабад: ак түстүү машине артыкчылыктуу


Ашхабад
Ашхабад

Түркмөнстанда бийлик адамдарды жалаң гана ак түстүү машинеге отургузгусу келип жатканы кабарланууда. Бул өлкө президентинин каалоосу экени айтылып, мындай аракет адегенде борбор Ашхабаддан башталган.

Эми ак түстөгү автоунаа минүү талабы Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз аймагына жетти. “Азаттыктын” Дашогуздагы булагы күч түзүмүндө иштегендер эки ай мурда эле башка түстөгү темир тулпарларын ак түскө алмаштыра баштаганын, эми бул эреже бардык мамлекеттик мекемелерге тийиштүү экенин айтып берген. Алмаштырганга алы жетпегендер боетуп жатышканын кошумчалаган.

Акыркы маалыматка караганда эми Дашогузда билим берүү,
медицина, акимчилик баштаган бардык органдардын кызматтык унаасы ак түстө болууга тийиш.

"8-январда атайын жыйын өткөрүшүп, транспорту бар бардык мекеме
жетекчилерине аларды февралдын ортосуна чейин акка боегула деген талап коюлду", -
дейт түркмөн кесиптештерге атын атабоону өтүнгөн Дашогуздагы облустук мекеменин кызматкери.

Ак мармардан салынган Ашхабад
Ак мармардан салынган Ашхабад

Ал жыйында буйрук “Биздин коргоочу ак машине айдайт, ак түс –
ийгиликтики
деп түшүндүрүлгөнүн белгилейт. "Коргоочу" деп өлкө
президенти Гурбангулы Бердымухамедовду айтып жатканы.

"Азыр Дашогуздун машине тейлөөчү жайларында боеткону келгендердин кезеги узун. Эгер бүгүн туруп койсоң, кезегиң кеминде 15 күндө жетип калат экен. Негизинен Ашхабадга киши ташыган такси айдоочулары шашылып жатышат", - деп борбор Ашхабаддын тургуну айтууда.

Ал мунун айынан Дашогуздагы унаа боегучтардын кызмат акысы да дароо көтөрүлүп, 8000 манатка чейин жеткенин байкаган. Көмүскө базардагы курска чакканда бул 800 доллардын тегерегиндеги акча.

Ак, жашыл түстөрдү, 7 санын жактырган президент
Ак, жашыл түстөрдү, 7 санын жактырган президент

Декабрдын аягында Түркмөнстандын борборунда автоинспекция күңүрт
түстөгү автоунааларды эскертүүсүз эле алып кетип, айып аянтчасына кое
баштаган. Буга расмий түшүндүрмө болгон эмес. Бирок бул чаралардан
кийин ашхабаддыктар унаасын ак түскө боетуу үчүн кезекке турушкан.

2014-жылы өлкөдө автоунаалардын айнектерин караңгылатууга тыюу
салынган. Бул жол кырсыктарын азайтуу максатында деп түшүндүрүлгөн.
2015-жылы болсо климаттык шартка туура келбейт деп Түркмөнстанга кара түстүү унааларды ташып кирүүгө тыюу салынган деп жазат “Азаттыктын” түркмөн кызматы.

Ашхабаддагы аэропорт
Ашхабаддагы аэропорт

Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадды “Ак шаар” атап, мармардан аппак кабат үйлөрдү, имараттарды салдырганы белгилүү. Эки миллиард доллардан ашуун акчага курулган аэропорттун имараты канат каккан ак шумкарды элестетет.

Президент өзү да көп учурда ак жана жашыл түстүү кийим кийип, автоунаа айдайт. Ал катышкан иш-чараларда да айлана ушул түстөрдө
жасалгаланганын мамлекеттик телеканалдардын кабарларынан көрүүгө
болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG