Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Рубио: Трамптын Путин менен көзмө-көз сүйлөшүүсүнө даярдык жүрүп жатат


Владимир Путин менен Дональд Трамп. Коллаж.
Владимир Путин менен Дональд Трамп. Коллаж.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин көзмө-көз жолугушуусун уюштурууга даярдык көрүлүп жатканын билдирди. Мунун алдында, бейшембиде Трамп Путин менен жеке жолукмайынча Украинадагы тынчтык орнотуу маселеси илгерилебей турганын айткан.

Трамп келаткан дүйшөмбү күнү алгач Путин, андан кийин Зеленский менен телефондон сүйлөшөрүн кабарлаган.

"Акыр аягында туңгуюктан чыгууга жардам берген жалгыз жагдай - бул Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү. Мындай жолугушуунун техникалык чоо-жайы кайсы бир иштерди талап кылат. Учурда кайсы жерде өтөрү, датасы өңдүү жагдайлардын баары пландаштырылып жатат. Бирок президент мүмкүн болушунча тезирээк болушун каалап турат",-деди Рубио CBS Face The Nation телепрограммасында.

Стамбулда жума күнү Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы өткөн. Эки саатка жакын болгон жолугушууда тараптар миңден туткун алмашууну гана макулдашкан.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз болгонун жана сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы жөнүндө жакынкы күндөрү жарыяланарын айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG