Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:45

“Новая газета” Чеченстандагы массалык киши өлтүрүү тууралуу жазып чыкты


Орусиядагы “Новая газета” Чеченстандын күч кызматкерлери быйыл жыл башында 27 адамды тымызын өлтүргөнүн жазып чыкты. Гезит макаланы Тергөө комитетиндеги жана Чеченстандын башчысынын кеңсесиндеги аты аталбаган булактарга таянып жазган. Күч органдары эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.

Журналисттер өлтүрүлгөн адамдар күч органдарынын колуна былтыр декабрдан тарта Чеченстандын айрым райондорунда жүргүзүлгөн массалык кармоолор учурунда түшкөнүн такташкан. Кармалган адамдарга расмий түрдө эч кандай кагаз толтурулбай, айып тагылган эмес.

Гезиттин жазышынча, алар полиция бөлүмдөрүнүн жер төлөөсүнө камалып, кийин массалык түрдө атылган.

“Новая газетанын” Чеченстандын Ички иштер министрлигиндеги өздүк булагы Шали деп аталган айылда кармалган 28 адамдын тизмесин берген. Журналисттер бул адамдардын дарегин тактаганы менен андан кийинки тагдырын аныктоо мүмкүн болгон эмес.

“Новая газета” апрель айында Чеченстанда бир нече кумса камакка алынып, кыйноого кабылганын жазып чыккан эле.

Кремлдин көздөй кишиси саналган Рамзан Кадыров башкарган бул республикада адам укугун бузуу, кыйноо фактылары боюнча көптөгөн сын пикирлер айтылып келет.

XS
SM
MD
LG