Бишкекте жеңил унааны майыштырып салган экскаватордун айдоочусу кармалды.
20-сентябрь күнү кечке жуук борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде экскаватор ичинде кишилери бар жеңил унааны сүзгүчү менен майыштырып салганы тартылган тасма социалдык тармактарга тараган.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, окуя ишемби күнү саат 17:30дар чамасында Калинин жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Адамдардан эч ким жабыркаган эмес.
Оор техниканын айдоочусу кармалып, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Ал бул жоругун жеңил унаа жол бербей койгону менен түшүндүргөн.
Жеңил унаанын рулундагы кыз экскаватордун айдоочусуна каршы арыз жазуудан баш тарткан.
Маалыматка ылайык, айдоочуга каршы Бузуулар кодексинин 126-беренеси ("Майда ээнбаштык") менен протокол түзүлүп, өзү убактылуу камоочу жайга киргизилген.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, Кыргызстанда быйылкы сегиз айда 5 393 жол кырсыгы катталып, андан 540 адам каза болуп, дагы 7 964 киши жаракат алды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3% көп. (ZKo)
Шерине