Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Окуучулардын коопсуздугу кантип корголот?


Иллюстрация
Иллюстрация

Ушул жума ичинде Балыкчы шаарындагы мектепке окуучу алып келген газга бир нече окуучу жана мугалим ууланды.

Кайыңды шаарчасында мектеп окуучулары мушташты. Буга чейин дээрлик бардык облус аймактарында мектепте окуучулар бири-бирине бычак сайган учурлар болгон. Мындай көрүнүштөр мектепте окуучулардын коопсуздугун кантип сактоо керек деген маселени күн тартибине алып чыкты.

Кыргызстанда окуучулардын коопсуздугу кандай мыйзамдар менен корголот? Коопсуздукту сактоого мектептердин чамасы жетеби? Баланын коопсуздугун коргоодо ата-энелердин жоопкерчилиги кандай болуусу керек?

“Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусуна Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү Марат Сопуев, Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева жана Бишкектин Бакай-Ата конушундагы №85 мектептин социалдык педагогу Шарипа Койлубаева катышты.

“Азаттык”: Гүлшан айым, акыркы кезде мектепте окуучуларынын коопсуздугун коргоо маселеси көйгөйгө айланып баратат. Аны Балыкчыдагы окуя далилдеди. Окуучулардын коопсуздугу кандай корголот? Ага негиз берген кандай укуктук база бар? Жоопкерчиликти кимдер алат?

Гүлшан Абдылдаева: Бул маселе 2011-жылы көтөрүлүп, 2012-жылы он министрлик менен бирге өз ара аракеттенүү келишими түзүлгөн. Анткени баланы тарбиялоо жана анын коопсуздугуна жалгыз эле билим берүү мекемеси жооптуу эмес.

Мектептин ичиндеги маселеге мугалимдер жооп берсе, андан тышкаркы жердеги жүрүш-турушуна башка министрликтердин жоопкерчилиги да жогору болушу керек. Ошондуктан коопсуздукту камсыз кылууга дээрлик бардык министрликтер менен жергиликтүү бийлик дагы тартылган. Андан тышкары социалдык педагог кызматы киргизилди. Анын алдына педагог менен окуучунун ортосунда же окуучу менен окуучунун ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда кырдаалды жөнгө салуу милдети коюлган. Мамлекет тарабынан аракеттер жасалып жатат, бирок ата-энелердин, коомчулуктун камкордугу абдан зарыл.

“Азаттык”: Марат мырза, Балыкчыда мектепке газ алып келген бала жазаланабы? Ал кандай жаза болот? Мектепке коркунучтуу буюмдарды, куралдарды алып келгендерге кандай жаза берилээри жөнүндө мектеп окуучулары билишеби? Деги ушундай маалыматтар айтылган атайын окуулар өткөрүлөбү?

Марат Сопуев: Мектепте өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөр ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Мыйзам боюнча кылмыш жасаган болсо өспүрүм 14 жаштан баштап камалып кетет. Ал эми Балыкчыдагы баланын жашы кичине болгондуктан анын ата-энеси административдик жазага тартылат. Ата-эне өз жоопкерчилигин аткарбаган учурда 10 миң сомдук айыппул тартат деп мыйзамда жазылган.

Тилекке каршы, балдардын мектепке эмне алып кирип жаткандыгын текшерүүгө өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин укугу жок. Мындай укук мугалимдерге да берилген эмес. Эгер балдардын сумкалары текшериле турган болсо, анда балдардын укугун басмырлоо болуп саналат. Ошон үчүн бардык мектептерде видеобайкоо камералары орнотулса жана коопсуздук кызматы киргизилсе бул көйгөй чечилмек.

“Азаттык”: Шарипа айым, сиз мектепте балдар менен иштеген адис катары айтсаңыз, балдардын өздөрү мектеп, ата-энелердин, мугалимдердин кандай камкордугуна муктаж? Мектеп жетекчилигинин коопсуздугун камсыз кылууга чамасы жетеби? Мектептин кире беришинде турган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө балдар ишенеби?

Шарипа Койлубаева: Албетте ар бир мектепте коопсуздук кызматын иштетүүгө чама жетпейт. Мугалимдердин гана күзөтүн уюштурууга мажбур болуп жатабыз. Анткени коопсуздук кызматына иштетүүгө каражат жетишпейт. Мектептин жетекчилиги колдон келген аракетин жасап жатат. Бирок мектеп менен ата-эне тыгыз байланышта болбосо баланын жолдон чыгып кетиши ажеп эмес. Ал эми ар бир баланын мүнөзүн же көйгөйүн билүү милдети социалдык педагогго жүктөлгөн.

Окуучулардын коопсуздугу
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:49 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG