Бүгүнкү күндө эмнеге өспүрүмдөр арасында агрессия күчөдү? Анын себептери эмнеде, алдын алуу чаралары кандай болушу керек?
Психологдор окуучулар дээрлик бардык эле мектептерде улуулардан запкы көрөрүн айтышат. Бирок ыдык көргөн бала бул тууралуу башкаларга билдиргенден коркот экен.
Милиция болсо жаштар арасындагы жаңжалдар жашыруун түргө өтүп кеткенин билдирүүдө. Ошол себептүү өспүрүмдөр катышкан чыр-чатактын алдын алуу кыйын. Адистер белгилегендей чырды териштирүүнү милиция аягына чыгара электе эле, ата-энелер ич ара сүйлөшүп, “кыргызча” бүтүрүп алган учурлар көп кездешет. Ошондон улам, өспүрүмдөрдө "кылмыш кылсак, баары бир ата-энем куткарып алат" деген ишеним калыптанып баратат",- дейт укук коргоо кызматкерлери.
Мугалимдер балдардагы агрессияны үй-бүлөдөгү турмуш менен түздөн түз байланыштырат. Үй-бүлө курган жубайлар баланы сабырдуулукка, толерантуулукка тарбиялоодон аксашууда. Окуучулардын чатагы коомчулукка чыгып кеткен күнү ал мектептин жетекчиси жумуштан алынат. Ошондон улам көпчүлүк учурда мектеп жетекчилиги да көйгөйдү жашырат.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.