Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Прокурор Самаковго 19 жыл сурады


Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы депутат Карганбек Самаковду 19 жылга, ошол убакта өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев жана экс-министр Арстанбек Ногоевди 11 жылга абакка кесүү тууралуу өтүнүч келтирди.

2008-жылы Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260 гектардан ашуун жердин сатылышы боюнча кылмыш иши 2015-жылы май айында козголгон.

Анда Самаковдон сырткары ошол кездеги премьер-министр, азыр Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынан депутат Игорь Чудинов менен ошол убакта вице-премьер-министрликти аркалаган Искендербек Айдаралиев баштаган адамдарга дагы айып тагылган. Күнөөлөнүп жаткандар жерди трансформациялоо мыйзамдуу болгонун айтып келишет.

Карганбек Самаков баштаган адамдарга жер сатуу боюнча козголгон кылмыш ишти Бишкектеги Октябрь райондук соту териштирип жатат жана өкүм чыкканы калды.

14-февралдагы сот процессинде прокурорлор Карганбек Самаковдун үй-мүлкүн конфискациялап, класстык чиндерин алып, 19 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал эми азыр парламентте “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон, ошол убакта өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев жана экс-министр Арстанбек Ногоевди 11 жылга абакка кесүү тууралуу өтүнүч келтирди. Ошол учурда президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 18 жылга камоону суранды.

Карганбек Самаковду коргоо кыймылынын өкүлү Нурдин Дүйшөнбеков прокурорлордун соттогу аракеттерин мындайча түшүндүрдү:

- Мамлекеттик төңкөрүш уюштурган адамга деле мынчалык жаза берилбесе керек. Экинчиден, алар жарыш сөздө бир жыл мурун жазылган айыптоочу тыянакты алып келип, ошону дагы толук окубай кээ бир жерлерин гана окуп коюшту. Эгерде Самаков мыйзамды одоно бузган болсо, анда жарыш сөздө айтышпайт беле. Сотто бир жылдан бери кандай гана нерселер айтылган жок. Ошолор эске алынган жок. Эми эски документти алып келип, күнөөлөрү аныкталды деп 10-18 жыл сурап жатышат.

Нурдин Дүйшөнбеков сотто прокурорлор Карганбек Самаковдун Курманбек Бакиев жана анын жакындары менен байланышын далилдей алган жок деди:

- Карганбек Самаков бир расмий иш-чарада алар менен эки ирет чогуу бир столдо отуруп сүрөткө түшүп калыптыр. Бул сүрөттөн башка бул ишке Бакиевдер аралашканы, алардын тиешеси бардыгын бышыктаган бир дагы далил жок. Бакиевдер менен убагында кимдер гана сүрөткө түшкөн эмес. Анан эки сүрөттөн улам эле булар тыгыз байланышта, мамыр-жумур болушкан дегени туура эмес.

Карганбек Самаков менен кошо айыпталгандар мамлекеттик айыптоочулар сурап жаткан жаза боюнча азырынча үн ката элек.

Карганбек Самаков менен Жаныш Бакиев.
Карганбек Самаков менен Жаныш Бакиев.

Былтыр август айында бул иш боюнча ошол кездеги юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева сотто күбө катары көрсөтмө берген. Мамбеталиева 2008-жылы республикалык жер комиссиясында иштегенин, Самаковдун үстүнөн кылмыш ишин ачууга негиз болгон документтерди карап чыкканын айткан. Ал документте жерди трансформациялоо боюнча үч кемчилик болгонун, биринчиден, башкы пландын жоктугу, экинчиден, жоготуулар боюнча эсептер чыгарылбаганын, үчүнчүдөн, өзгөчө жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Бирок ал кезде трансформацияланган жерлер шаарды кеңейтүү планына киргени тууралуу маалыматы болбогонун билдирген.

Жылдыз Мамбеталиева
Жылдыз Мамбеталиева

Мамбеталиева “Азаттыкка” комментарий берип жатып чырлуу жер боюнча чечимди ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр жетектеген комиссия кабыл алганын айтты:

- Ошол кезде комиссияда менден башка көп мүчөлөр бар болчу. Төрагасы биринчи вице-премьер-министр өзү эле. Мен мүчө катары гана өз оюмду жазыптырмын. Көп убакыт өтүп кеткенине байланыштуу сотто ал корутундунун көп жактары эсимден чыгып кетиптир деп айтыптырмын. Анан ошол жерден менин 2008-жылы жазган корутундумду көрсөтүштү. Мен ал жерде юрист-эксперт катары үч-төрт сын-пикиримди жазыптырмын. Бирок чечимди комиссия кабыл алат да. Сотто ушуларды эле айтып бергем. Эми акыркы чечимди сот чыгарат да. Мыйзамдуу болгонбу же болгон эмеспи сот аныктайт. Бирок сот менин ошол корутундума деле туура жазылганбы же жокпу деп баа деле бере алат.

Карганбек Самаков 2015-жылы май айында Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болуп турганда “коррупция” боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган жана кийинчерээк үй камагына чыккан. Башкы прокуратура Самаков Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260тан ашык гектар жерди мыйзамсыз трансформацияланышына, сатылышына аралашкан деп айыптаган.

Жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев камакка алынып соттолгон. Ал Самаковдорго ишти жабууну убада кылып, 100 миң доллар пара талап кылганы айтылган.

Былтыр жайында бул чырлуу жер боюнча өкмөттүн өзүндө талаш чыккан. Башкы прокуратура өкмөттү 2008-жылдагы жерди трансформациялоо боюнча токтомун жокко чыгаруу боюнча кайрылган. Өкмөт алгач каршы чыккан жана кийинчерээк чечимин өзгөрткөн.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мурдагы жана азыркы аткаминерлерге коррупция боюнча козголгон кылмыш иштердин жагдайына токтолду:

- Негизи коррупциялык кылмыштарды далилдөө абдан эле кыйын. Мыйзамдын өзүндө кемчиликтер арбын. Кылмыш-жаза кодексинде “коррупция” деген берене так жазылган эмес. Ушунун айынан ар дайым кыйынчылыктарды туудурат. Кагаз жүзүндө баары мыйзамга туураланып калгандан кийин дагы анын коррупция экенин көрүп турсаң далилдөө оор болот.

Мурдагы жылы парламенттик шайлоодо Башкы прокуратура депутаттыкка талапкер Карганбек Самаковду, Игорь Чудиновду жана Искендербек Айдаралиевди шайлоодон четтетүү боюнча БШКга кайрылган. Боршайком башкы көзөмөлдөөчү органдын бул өтүнүчүн четке каккан.

Карганбек Самаков кылмыш иши козголуп, төбөсүндө "сур булут" айланганга чейин айрыкча журналисттерге марттыгын көрсөтүп келген. Кесиптик майрамдарда, даталуу күндөрдө сый тамак уюштурууну өзүнчө салтка айланткан жана анда кымбат баалуу буюм-тайымдарды, ал түгүл жер тилкелерди белек кылган жайы бар.

Андан сырткары чет өлкөлөргө чыкканда да журналисттерди өз каражатына ээрчитип жүргөн. Мындан улам азыр социалдык тармактарда айрым журналисттер Самаковдун сыйын көргөн, белек-бечкегин алган кесиптештеринин унчукпай отурганын сынга да алышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG