Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Соцтармакта президентти сындаса болобу?


“Адилет” укуктук клиникасы Башкы прокуратура президентти социалдык тармактарда сындоо мыйзамга кайчы келбестигин моюнга алганын жарыялады. Башкы прокуратура болсо мындай маалыматты четке кагууда.

“Адилет” укуктук клиникасы социалдык тармактарда президентти сындап жазган комментарийлер боюнча Башкы прокуратуранын жообун 14-февралда таратты. Анда укуктук уюм Башкы прокуратурага кайрылып, Фейсбукта президент Алмазбек Атамбаевди сындаган 11 колдонуучуга эскертүү беришине укуктук баа берүүнү суранган.

Бул боюнча клиника көзөмөл органга эки ирет кат жолдогон. Биринчи катта клиника Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын президентти сындагандарды жоопко тартуу боюнча демилгесине укуктук баа берүүнү, экинчи катта болсо социалдык тармактардагы президентти сындагандарга карата чара көрүүгө коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин кандай укугу бар экенин түшүндүрүп берүүсүн суранган.

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди

Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырды.

13-февралда Башкы прокуратура укуктук клиниканын суроосуна расмий жооп берген. Анда башкы көзөмөл органы депутат Ирина Карамушкинанын жана УКМК кызматкерлеринин кадамдарында мыйзамсыз аракеттер аныкталбаганын билдирген.

Мындан тышкары Башкы прокуратура Фейсбуктун 11 колдонуучусуна УКМКдан эскертүү алганы тууралуу маалыматтарды текшерүүгө мүмкүн болбогонун билдирген.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура УКМК төрагасынын орун басары президентти сындаган жорумдардын соцтармактарда жарыяланышын текшерүү боюнча берген жообун туура эмес деп тапкан. Буга байланыштуу көзөмөл орган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигин каралып жаткан документтерди так, даана көрсөтүүсүн сунуштаган.

“Адилет” клиникасынын директору Чолпон Жакупованын ырасташынча, мындай жол менен Башкы прокуратура президентке карата социалдык тармак аркылуу сын айтуу мыйзамга кайчы келбестигин тастыктоодо:

- Прокуратура президентке сын айтуу мыйзам бузуу болуп саналбайт деп жооп беришти. Ошондуктан, эл коркпой эле президенттин туура эмес иштерин көрсө сындап, же жакшы жагын көрсө мактаса болот. Бул боюнча атайын маалымат таратып жатабыз.

Жакупова мындан соң президентти социалдык тармактар аркылуу сындаганы үчүн жооп бербей турганын билиши керектигин кошумчалады. Бирок Башкы прокуратура “Адилет” укуктук клиникасы берилген жоопту туура эмес чечмелеп жатканын билдирүүдө. Аталган органдын өкүлү Алмамбет Абдраманов мындайча түшүндүрдү:

- Аталган басылмалар жана баш темалардын авторлору Башкы прокуратуранын жообун бурмалап беришкен. Көзөмөл органдын расмий катындагы айрым фразаларды жалпы контексттен сууруп алып, туура эмес чечмелеген.

Абдраманов Башкы прокуратура өз катында президентти каралоочу пикирлердин интернетке жарыяланышы мыйзамдуу деп белгилебегенин айтууда.

Быйыл жыл башында интернетте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Болот Сүйүнбаевдин парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага жөнөткөн каты жарыяланган. Анда атайын кызмат Фейсбук социалдык тармагы аркылуу президентке маал-маалы менен терс пикир жазган жалпысынан 45 адамды аныктаганы айтылат жана он колдонуучунун аты-жөнү ачык көрсөтүлгөн. Мындан соң аталган колдонуучуларга эскертүү бергени кабарланган.

Сүйүнбаевдин катында аты аталган колдонуучулар боюнча атайын кызмат тийиштүү иштерди жүргүзүп жатканы, толук маалымат кийинчерээк берилери да кошумчаланган. Бул кат интернетке чыгары менен кызуу талкуу жаралып, фейсбукчулар УКМКны, Карамушкинаны сындап чыгышкан эле.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова социалдык тармактар маалымат каражаты катары саналбагандыктан андагы маалыматтарга чара көрүү аракети башынан туура эмес болгон деген пикирде:

- Социалдык тармактар кайсы бир мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Алар массалык маалымат каражаты болуп саналбайт. Бирок бир коркунучтуу нерсе бар. Мыйзамда жок болсо деле Жогорку Соттун пленуму социалдык тармактар менен ар кыл интернет сайттагы маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары менен теңеп койгон.

Акыркы учурда социалдык тармактардагы талкууларга мыйзамдык чара көрүү боюнча сунуштар айтыла калып жүрөт. Укук коргоочулар жана журналисттер мындай аракеттери менен бийлик өлкөдөгү сөз эркиндигине чектөөгө аракет кылып жатканын айтышат. Ошол эле кезде айрымдар социалдык тармактарда аймактык, диндик бөлүнүүнү шарттаган жоопкерсиз билдирүүлөр көбөйгөнүн айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG