Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Азимжан Аскаровдун соту жылды


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Чүй облустук сотунда июнь коогасы боюнча айыпталып жаткан Азимжан Аскаровдун соту жылды.

Бүгүнкү акыркы отурумда сот тараптардын пикирин жана соттолуучунун сөзүн уккан соң, 17-январга чейин кеңешмеге кетти. Ошол күнү өкүм чыгары күтүлүүдө.

65 жаштагы Азимжан Аскаровдун иши кайра карала баштагандан бери бүгүн 12-соттук отурум болду. Акыркысы 20-декабрда өтүп, күбөлөр суралып, териштирүүлөр аяктаган.

Адвокаттар Азимжан Аскаров күнөөсүн кыйноонун натыйжасында алганын белгилешүүдө. Адвокат Нурбек Токтакунов Аскаровго байланыштуу кылмыш ишин тергөө калыс караган эмес деген пикирин бүгүнкү сот отурумунда билдирди. Аскаровдун коомдук жактоочусу Төлөкан Исмаилова соттон акыйкат өкүм чыгаруусун өтүндү.

Азимжан Аскаров өзүнө айып мыйзамсыз тагылганын белгилеп, өзүнүн актыгын нан жана куран кармоо менен далилдөөгө даяр экенин сотто сүйлөгөн сөзүндө билдирди:

- Мени Убактылуу өкмөттүн дарегине сын айтканым үчүн камашкан. Июнь коогасында жаңжал чыгарып, милицияны өлтүрүүгө катышкан деген жалган жалаа.

Жалал-Абадда укук коргоочулук менен алектенген Аскаровго 2010-жылдагы калабада "жаңжалды козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар, адвокаттар жана Аскаров өзү буга макул эмес. Сотто да анын күнөөсү далилдене электигин белгилеп жатышат.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бул камоону мыйзамсыз деп атап, Аскаровду бошотууну талап кылган. Сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. 4-октябрдан тарта Чүй облустук соту Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде ишти карай баштаган.

Мамлекеттик айыптоо Аскаровду кайра өмүр бою камоого өкүм чыгарууну суранууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG