Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

Тилмеч жогунан Аскаровдун соту артка жылды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук соту кароодо. Кечээ Аскаров менен кошо соттолгон алты адамдын көрсөтмөсү угулду. Ал эми жактоочу тараптын биринчи чыгып сүйлөгөн күбөсү көрсөтмөсүн өзбек тилинде баштагандыгы үчүн, сот котормочу талап кылып, отурумду бир жумага жылдырган. Жактоочу тарап муну техникалык шылтоо деп, кийинки отурумга чейин күбөлөргө кысым көрсөтүлүшү ыктымал экендигин айтууда.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сотунда бул күнү Аскаров менен айыпталган алты адамды күбө катары жана дагы башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу пландалган.

Сот айыпталып, камакта отурган алты кишини угуп бүткөн соң жактоочу тараптын күбөлөрүн угууга өткөн. Алгачкы чыгып көрсөтмө бере турган күбө, Аскаровдун инисинин жубайы Турдухан Аскарова өз сөзүн өзбек тилинде баштаган учурда, сот аны токтотуп, андан көрсөтмөнү кыргызча берүүнү талап кылган.

Сот: Сиз кыргызча түшүнөсүзбү?

Турдахун Аскарова: Ооба, түшүнөм.

Сот: Орусча түшүнөсүзбү?

Турдахун Аскарова: Орусчаны 50 пайыз түшүнөм.

Сот: Көрсөтмөнү кыргызча бересизби?

Турдахун Аскарова: Ооба.

Сот: Өзбек тилинин котормочусу жок. Протокол кыргыз тилинде жүрөт. Кыргызча сурай бериңиздер.

Күбө кыргызча сүйлөй албагандыгы маалым болгондо, сот жараянды токтотуп, жактоочу тараптан расмий түрдө котормочу болушун талап кылып, отурумду 8-ноябрга жылдырды.

Сот: Биздин катчылар түшүнүп жазалбай калып атат. Биз да жакшы түшүнбөй жатабыз. Котормочу керек. Азыр кийинки шейшембиге чейин тыныгуу жарыяланат. Котормочуну алып келгенден кийин сурайбыз.

Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов
Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов

Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтуусунда, ал сотко күбөлөр Жалал-Абаддан келерин алдын ала кабарлаган. Өз кезегинде сот күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн түндөп болсо угарын убада кылып, бирок убадасын аткарбай, техникалык шылтоо менен сотту жылдырып салды, дейт Токтакунов:

- Биринчи чыгып сүйлөгөн күбө өзбекче сүйлөп баштады, бирок барыбыз эле өзбекче түшүнөбүз да. Күбөлөрдүн калгандары кыргызча эле сүйлөмөк. Күбөлөр башынан эле Азимжандын алибисин айтып жаткан.

Токтакуновдун айтуусунда, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу өтүнүчүн киргизип жатканда, алардын аты-жөндөрү ачык жарыяланган эмес. Азыр болсо күбөлөр ким экендиги анык болгон соң бир жума ичинде аларга кысым көрсөтүлүшү толук ыктымал деген кооптонууларын ал “Азаттыкка” төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- 2013-жылы жаңы жагдайлар ачылып, сот кайра жанданганда, бул күбөлөрдү барып коркутушкан. Дал ошол себептен биз өтүнүч киргизгенде күбөлөрдүн аты-жөндөрүн ачык айткан эмеспиз. Эгер аты-жөндөрүн айтсак, аларды барып коркутуп коюушу мүмкүн эле. Бирок азыр алардын фамилияларын билип калышты. Кийинки жума күбөлөрүбүз балким келбей да коюшу ыктымал.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

4-октябрда башталган соттук териштирүү ар аптанын шейшемби күнү Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде өтүүдө.

XS
SM
MD
LG