Оштогу шектүү тендер
Ошто мектеп курууга ири суммадагы тендер жарыяланышы кызуу пикирлерди жаратты. Билим уясын салууга алгач 147 млн сом каралса, тендер мөөнөт аяктарга аз калганда ал сумма 230 млн сом болуп өзгөртүлгөн. Активисттер бул суммага төрт мектеп курса болорун айтып, тендер артында көз будамайлоо бар деп шектенүүдө.