Бишкекте Кыргызстан, Орусия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Беларус президенттери катышкан саммит жыйынтыкталды.
Саммиттин экинчи күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө туш келип, саммитке келген КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин куттуктоосу менен башталды. Бүгүн Атамбаев 60 жашка толду.
Саммит башталганда Орусиянын президенти Владимир Путин Атамбаевге Александр Невскийдин орденин тапшырды. Путин Алмазбек Атамбаевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Александр Невский ордени менен сыйланганын билдирди.
Алмазбек Атамбаев орден үчүн ыраазычылыгын билдирип, Александр Невскийди баалай турганын айтты. Атамбаев президенттик мөөнөтүндөгү негизги жетишкендиктердин бири - Орусия менен мамиле калыбына келтирилгени болгонун билдирип, Орусияны өнөктөш жана бир тууган катары көрөрүн айтты.
Александр Невский ордени Орусия империясынын тушунда негизделип, аны менен аскер жана жарандык адамдар сыйланган. 1917-жылы башка падышалык ордендер менен катар жоюлган. 1942-жылы СССРдин Жогорку Кеңеши тарабынан жаңыдан негизделип, бекитилген. Аталган орден менен Кызыл Армиянын согушта каармандык көрсөттү делген командирлери сыйланган.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да кыргыз президентин 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Казак президентинин куттуктоо телеграммасында Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу алдында Астана менен Бишкектин достугу жана кызматташтыгы дагы да бекемделүүсүнө ишенери айтылган.
Кызматташтыкты арттыруу аракети
Кечээ башталган саммитте КМШнын болочогу, экономика, маданий-гуманитардык багытта өз ара кызматташтыкты арттыруу боюнча он беш келишимге кол коюлду.
Саммитке катышкан президенттер жана өкүлдөр булардын ичинде 2020-жылга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдө эл каттоо жүргүзүү, 2017-жылды “Үй-бүлө жылы”, 2018-жылды “Шериктештиктеги маданият жылы” деп жарыялоого макулдугун беришти. Ошондой эле 2017-2019-жылдары шериктештиктин алкагында терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү программасын кабыл алышып, 2016-2020-жылдарда маалыматтык технологиянын күчү менен жасалып жаткан кылмыштарга каршы күрөштө кызматташтыкты арттырууну чечишти.
Саммиттин кеңейтилген жыйыны Өзбекстандын мурдагы президенти, 2-сентябрда дүйнөдөн кайткан Ислам Каримовду эскерүү менен башталды.
Андан кийин сөз алган КМШнын төрагасы, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев саммиттин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөрүүдө эч кандай саясат болбогонун белгиледи.
Украинанын каршылыгы
КМШга төрагалык кылуу 2017-жылы Орусияга берилгенин азыркы төрага, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыйын башында маалымдады. Ага ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып, КМШга Кремль жетекчилик кылат, ал эми уюмдун келерки жыйыны 2017-жылдын 11-октябрында Москвада болот. Ал эми Кыргызстандын төрагалыгы алдында быйыл октябрь айында КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт.
Бирок саммитте КМШга 2016-жылы Орусия төрагалык кылуусуна Украина өкүлдөрү каршы болду. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко мындай чечимди Орусиянын Крымды аннексиялап алганы менен байланыштырды.
Орусия президенти Владимир Путин Крымдагы Орусияга кошулуу боюнча референдум жергиликтүү элдин эрки менен өткөнүн билдирди. Ошондой эле Путин КМШ уюмун түзүүгө катышпаган өлкө катары Украина уюмга төрагалык кылууга каршылык билдире албай турганын айтты.
16-17-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан саммит КМШнын 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышууда.
1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат.
Бишкекте саммит башталды
1/15КМШ өлкө башчыларынын Бишкек шаарындагы юбилейлик саммити бүгүн кечки саат 18:20да расмий ачылды.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
2/15
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
3/151991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
4/15Саммитте негизинен терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланат. Андан тышкары экономикалык жана маданий кызматташтык маселелери каралары кабарланган.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
5/15Саммиттин ачылышы алгач 16:00гө белгиленген. Бирок Орусия президенти Владимир Путиндин кечигишинен улам жыйын эки саатка артка жылдырылган. Путин аба ырайына байланыштуу Москвадан кеч учканы маалымдалды.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
6/15Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстандын президенттери келди. Молдова премьер-министрин, Түркмөнстан вице-премьерин, Өзбекстан тышкы иштер министрин жиберсе, Украинанын Кыргызстандагы элчиси катышмай болду.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
7/15
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
8/15Беларус лидери Александр Лукашенкону “Манас” эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
9/15
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
10/15
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
11/15Алдын ала маалым болгондой саммиттин күн тартибине 15 маселе коюлган. Айрыкча 2017-2019-жылдары терроризм менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
12/15ТАСС билдиргендей, Кыргызстандын президентинин аппараты КМШнын юбилейлик саммитти өткөрүүгө 18 миллион сом (260 АКШ доллар) сарптаган, андан тышкары 6,3 миллион сом тамак-ашка жумшалган.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
13/15Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков лидерлердин жолугушуусу алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматта өтөөрүн билдирди.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
14/15Маалымат агенттиктеринин жазышынча, боз үй үлгүсүндө курулган конок үйүнүн аянты 1,5 миң квадрат, бийиктиги 17,3 метр. Режим объектисинин аймагында жол белгилери орнотулган.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.
15/15Бул иш-чара үчүн Бишкектин четиндеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында курулуш иштери жүрдү. Анын аймагында конок кабыл алуу үчүн кыргыз боз үйүнө окшош имарат курулду. Бул жерде расмий гана кабыл алуулар болуп, КМШ өлкөлөрүнүн жыйыны резиденция ичиндеги пресс-холлдо өтөт.
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жатат. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган жана 18 миллиондой сом короткон.