Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

КМШ саммитин 283 журналист чагылдырат


КМШнын Бишкек саммитин чагылдырууга келген журналисттер. 16-сентябрь, 2016-жыл.
КМШнын Бишкек саммитин чагылдырууга келген журналисттер. 16-сентябрь, 2016-жыл.

Бишкекте 16-17-сентябрь күндөрү өтчү КМШ өлкө башчыларынын саммитин 283 журналист чагылдырат. Алардын 175и чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.

Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат.

Расмий жыйын бүгүн саат 16:00да башталат.

Учурда Кыргызстан КМШга төрагалык кылып жатат. Шериктештик 1991-жылы түзүлгөн. Бишкек саммити уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG