Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Сирияда ок атышуу бүгүн токтошу керек


Идлиб шаарындагы базарга аба соккусу АКШ менен Орусия макулдашууга жетишкенин жарыялаган соң жасалды. 10-сентябрь, 2016-жыл.
Идлиб шаарындагы базарга аба соккусу АКШ менен Орусия макулдашууга жетишкенин жарыялаган соң жасалды. 10-сентябрь, 2016-жыл.

Сирияда Курман айт майрамына тушташ бүгүн кечтен тарта ок атышуу токтошу керек. Бир нече айлампа менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Москва менен Вашингтон Сирия боюнча жаңы макулдашууга жетишкенин жума күнү кечинде жарыялашкан.

Эгер ал бир аптага чейин бузулбай сакталса, анда АКШ менен Орусиянын соңку макулдашуусу толук иштей баштап, бул эки өлкө Сирияда “Ислам мамлекети” жана “ал-Каиданын” канаты -“ал-Нусра” террордук топторуна каршы биргелешип аскерий сокку урууга киришет.

Бир нече айлампа менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Москва менен Вашингтон Сирия боюнча жаңы макулдашууга жетишкенин жума күнү кечинде жарыялашкан.

Сирияда акыркы бир сутка ичиндеги аба соккулардан жүзгө жакын жайкын тургундун өмүрү кыйылганы кабарланууда.

Бул өлкөдөгү жарандык согушка башынан байкоо салып келе жаткан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, 10-сентябрь күнү козголоңчулар колунда турган Идлиб шаарындагы базарга жасалган аба соккусунан 58 адам мерт болду, алардын он үчү жаш балдар. Ушул эле байкоочу уюм Алеппо шаарынын козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнө жасалган аба соккусунан отуздай жайкын тургун мерт болгонун да кабарлады. Акыркы аба соккуларын Сирия өкмөтү же Орусия жасады деп шектелүүдө.

Абадан сокку урулган жер. Идлиб, 10-сентябрь, 2016-жыл.
Абадан сокку урулган жер. Идлиб, 10-сентябрь, 2016-жыл.

Бул окуялардын алдында, 10-сентябрда Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары президент Башар Асаддын өкмөтү АКШ менен Орусия жетишкен, ок атышууну токтотуу режимин кайра жандандыруу, террордук топторго каршы бирге иштешүү жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө негиз жаратууну караган макулдашууну кабыл алгандыгын кабарлаган болчу.

Бир нече айлампа менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ менен Орусия Сирия кризисине бурулуш жана өлкөгө тынчтык алып келет деп үмүт артылган макулдашууга жетишкенин Женевада 9-сентябрь күнү кечинде жарыялашкан.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Женевада сүйлөп жатып, Москва менен Вашингтон жетишкен келишимдин шарттары тууралуу буларды белгилеген:

- Режимдин (Сирия бийлигинин) абадагы аскерий аракеттеринин аныкталган, чечүүчү аймактардын баарында токтотуу. Учуулардын баары токтотулбайт, себеби Сирияда “Ислам мамлекети” тобу жана “ал-Нусра” фронту бар, бирок аларга каршы аба соккулар бөлөк жолдор менен башкарылат. Чачырама бомбалардын ташталуусу, калк жашаган райондорду ылгабай эле бомбалоо токтотулуусу керек. Макулдашунун Сириядагы жаңжалдын табиятын өзгөрткүдөй потенциал бар, бирок ал аткарылышына көз каранды болот. Макулдашуу чабуулдар, аба соккулардын токтоосунан тышкары бул учурда кошумча аймак ээлеп алуу аракеттери жасалбоосун да талап кылат. Ал ошондой эле камалоодогу, жетүүгө кыйын аймактарга, анын ичинде Алеппого гуманитардык жардам үзгүлтүксүз кирүүсүнө жол ачышы абзел. Албетте оппозиция да аскерий аракеттерди токтотууга кошулат деп күтүлүүдө. Андыктан дал бүгүн АКШ менен Орусия биргелешип, тараптардын баарын аскерий аракеттерин жалпы өлкө боюнча токтотууга дилгирлигин ырастоого жана мурдагы шарттарды урматтоого чакырып жатат. Бул 12-сентябрда күн баткандан тартып иштей баштайт.

Эгер ок атышууну токтотуу шарттары чын эле 12 -сентябрдан кечинен тарта кеминде бир аптага сакталса, анда АКШ менен Орусия Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна жана “ал-Каиданын” бир канаты саналган “ал-Нусра” фронтуна каршы биргелешип сокку ура баштайт. Башкача айтканда эки өлкөнүн Сириядагы аскерий кызматташтыгы күчөйт.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Женевадан сүйлөгөн учурунда макулдашуу 100% аткарылат деген кепилдик жоктугун, бирок кызыкдар тараптар муну сактайт деген үмүт бардыгын кошумчалады:

- Биз (Орусия) жана АКШ тиешеси бар тараптардын баары биздин документтерде каралган макулдашууларды сактоосу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Сирия жетекчилигин биз бул макулдашуулар менен тааныштырдык жана алар муну аткарууга даяр. Мен баса белгилеп кетейин террорчулар менен байистүү оппозицияны ажыратуу жана оппозиционерлерди террорчулардан иш жүзүндө бөлүү биз бүгүн бекиткен документте артыкчылыктуу маселе катары каралган.

Өзү Сирияда Москванын президент Башар Асаддын өкмөтүнө, ал эми АКШнын ага каршы оппозициячыл топторго таасири бар деп эсептелет.

Керри жана Лавров Женевадагы пресс-конференциядан кийин. 9-сентябрь, 2016-жыл.
Керри жана Лавров Женевадагы пресс-конференциядан кийин. 9-сентябрь, 2016-жыл.

Мамлекеттик катчы Жон Керри да Женевада сүйлөгөн учурунда Сирияда оппозициячыларды террорчулардан ажыратуу зарылдыгына токтолду:

- АКШ жана Орусия адистери “Ислам мамлекети” тобун жана “ал-Нусра” майданын жеңүү үстүнөн биргелешип иштейт. Мен баса белгилеп кетейин бул чаралар эгер тараптардын баары өз милдеттемелерин аткарган шартта гана эффективдүү болот. Легитимдүү оппозициянын ичиндеги топтор өз легитимдүүлүгүн сактагысы келсе, алар “Даиш” менен “ал- Нусра” майданынан мүмкүн болгон жолдордун баарын колдонуп, алыстоосу керек.

Сирияда “Ислам мамлекети” жана “ал-Нусра фронту” террордук топтору аскерий аракеттерди токтотуу боюнча буга чейин жетишилген, бирок шарттары толук аткарылбай калган макулдашууларда камтылган эмес.

Бирок азыркы макулдашуунун өзгөчөлүгү - бул террордук топторго АКШ менен Орусиянын биргелешип сокку урууну чечкенинде. Сирия оппозициясынын Жогорку сүйлөшүү комитети жаңы макулдашууну кубаттады. Президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келе жаткан Эркин Сирия армия Дамаск жана Москва анын шарттарын аткарарына күмөн саноосун билдирди.

Макулдашуу иштей баштаса БУУнун ортомчулугу астындагы тынчтык сүйлөшүүлөр да жандануусу керек.

Сирияда беш жылдан берки жарандык согуш 250 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG