Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Тынчтык келишимин күткөн Сирия


Сирия.
Сирия.

Москва жана Вашингтон Сирияда ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирүүдө. Бирок ортодо бир топ талаштуу маселелер бар.

5-сентябрда АКШ мамлекеттик катчысы жана Орусия тышкы иштер министри Чоң жыйырманын саммити өтүп жаткан Кытайдын Ханчжоу шаарында дагы бир ирет жолугушуп, мунаса табуу жолдорун талкуулашмакчы.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков: “Биз макулдашуу түзүүгө жакындадык. Бирок дипломатия чеберчилиги аны аткарууга дагы убакытты талап кылат”, - деп 4-сентябрда айтты. "Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурайт деп айтууга негиз жок", - деп кошумчалады дипломат. Министрдин орун басары мындай пикирин Чоң жыйырманын Кытайдагы саммитине чогулган кабарчыларга билдирди.

Кечээ эртең менен АКШ президенти Барак Обама Сириядагы зордук-зомбулукка чекит коюу келишимине жетишүү үчүн Орусия менен диалог негизги ролду ойнорун, бирок сүйлөшүүлөр оңой болбосун белгилеген. “Орусиялыктар менен биз колдогон тараптардан тышкары тынчтык орнотуунун процесси боюнча олуттуу пикир келишпестиктер кала берүүдө... Азырынча алга жылуунун так жолу табылганын айтуу эрте, бирок айрым прогресске жетишүү мүмкүнчүлүгү бар, - деди Обама.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров бир нече жумадан бери “Ислам мамлекети” радикал тобу жана Сириядагы башка экстремисттерге каршы күрөшүүгө багытталган тараптардын кызматташуусун күчөтүүнү талкуулап келатышат. Болочок макулдашууга камоодогу шаарларга гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздоо жана президент Башар Асаддын өкмөттүк армиясынын АКШ колдогон козголоңчулардын турумдарын бомбалоосун алдын алуу маселелери камтылышы мүмкүн.

4-сентябрда Лавров менен жолуккандан кийин Керри 2-3 татаал маселе калып жатканын айтты:

- Министр Лавров жана мен ал маселелерди кайра карап чыгабыз деп ойлойм. 5-сентябрда кайрадан жолугушалы деп макулдаштык жана ошол айырмачылыктарды жоюу жолдорунун бар-жогун, мунаса табуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууламакчыбыз. Андай болбосо, мен буга чейин айтып келгендей, убакыт кетирип, ийгиликке жетүү үчүн туура багытта аракеттенип жатканыбызды аңдап-түшүнүү керек.

Керри Сириядагы согушка чекит коюу үчүн АКШ Орусия менен келишим түзүүдө шашылбасын кошумчалады.

Вашингтондун Сириядагы өкүлү Майкл Рэтнинин айтымында, макулдашууга Дамаск күчтөрүнөн Алеппонун түндүгүндөгү кан жолдордон чегинүүнү талап кылган пункт киргизилиши мүмкүн. Рейтер агенттигинде кабарланган маалыматка ылайык, ал үчүн АКШ "Ал-Каидага" каршы аракеттерин Орусия менен координациялап турмакчы.

Сириядагы жарандык согуш 250 миң адамдын өмүрүн кыйды, 11 миллиондой кишинин жер которушуна алып келип, качкындар кризисине түрткү берди жана “Ислам мамлекети” радикал уюмунунун пайда болушуна салым кошту.

Москва президент Башар Асадды колдосо, Вашингтон Асадга каршы күрөшүп жаткан байистүү оппозиция менен иштешип келет.

XS
SM
MD
LG