Мектеп көздөн учкан балалык
Бишкекте 1-май райондук милициясы мектепке барбаган балдарды текшерип, рейд өткөрдү. Натыйжада беш бала мектепке барбаганы аныкталды. Ага-ини Сыймык менен Оомат эки жыл мурда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан көчүп келгенден бери мектеп босогосун аттай элек. Ал эми Жылдыз Тулпарованын эки кызы да акча тартыштыгынан улам мектепке бара албай калган экен.