Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Үңкүр-Тоодо кырдаал чыңалууда


Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун айланасындагы чыңалуу күч алды. 2-сентябрда Өзбекстандын эки тик учагы мурда ээлеп алган тоонун башына конгон.

Буга жергиликтүү тургундар тынчсызданып жатканын айтышып, бийликтен чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышууда. Ошондой эле алар бийлик чече албаса, жергиликтүү элден турган топ тоону бошотуу аракетин көрөрүн эскертишти.

Өкмөт башчысынын коопсуздук боюнча орун басары Жеңиш Разаков кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Өзбекстандын тик учактары

Аксынын Кербен шаарынын үстүндөгү Үңкүр-Тоого 2-сентябрь күнү эртең менен саат 8:30 чамасында Өзбекстандын аскердик тик учагы келип конгон. Буга улай эле саат 9:45те телемунара жайгашкан тилкеге экинчи тик учагы келген.

Буга күбө болгон Аксы тургундарынын бири Мейманаалы Бабаназаров Өзбекстандын тик учактарынын бирин тасмага тартууга үлгүрүп калганын айтып берди:

- Тик учак айланып учуп келип, тоонун башына конгон соң мен эмне болуп жатат деп турнабай салдым. Жогору чыгып турсам эле, ары жактан Өзбекстандын экинчи бир тик учагы учуп келе жаткан экен, аны тасмага түшүрүп калдым. Биринчиси он мүнөттөй туруп, кайра артка карай учуп кетти. Экинчи тик учак тоонун башында бир сааттан ашуун конуп туруп, кайра артка карай учту. Эл буга тынчсызданып, “маселе чечилсе чечилди, болбосо өзүбүз чыгабыз” деп жатат.

Өзбекстандын аскердик тик учагы Үңкүр-Тоонун башына эмне себептен учуп келип конушунун себеби белгисиз. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тик учактар кошумча аскер күчтөрүн жана азык-түлүк ташып келиши ыктымал.

Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев учурда чек ара тилкесинде экенин айтып, ал жактагы өзбекстандык тик учактардын учуп-конуп жатканы туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.

Эл бийликтен жооп күтөт

Ошол эле кезде Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков тоону бошотууга бийлик чара көрө албаса, жергиликтүү эл өзү аракет көрөрүн турганын белгиледи:

- Бул жактагы жаштар, жигиттер бардыгына даяр. Эгерде мамлекетибиз, бийлик бул чек ара маселесин чече албай турган болсо, анда “тоонун башына өзүбүз чыгып, аны бошотуп, маселени чечип алабыз” деп жатышат. Бирок алар ал жакка барса эле анда кан төгүлөт да. Ошондуктан биз аларды сабырга чакырып, басып турабыз. Бийлик токтоосуз түрдө маселени чечпесе, убакытты созуп, кечеңдете берсе, анда башкача бир окуялар болуп кетеби деп кооптонуп турабыз. Азыр кармалып кеткен төрт жигиттин тагдыры эмне болгону жана Үңкүр-Тоо тууралуу сүйлөшүү жүрүп же жүрбөгөнү тууралуу бизде маалымат жок болуп жатат.

Ошол эле кезде Жарандык көзөмөл комитети Аксыдагы жергиликтүү элдин чек ара маселесин өз алдынча чечүү аракетине жол бербөө тууралуу бийликке кайрылды. Анда жаштарга дагы кызуу кандуулукка алдырбоого үндөө болуп, тоонун аймагын өз алдынча бошотууга жол берилсе, анын кесепеттери оор болору эскертилди.

Мындан мурун Аксыдагы Үңкүр-Тоонун башында болжол менен онго чукул өзбек милициясы бар экени айтылган болчу. Бирок жакында тоонун башындагы өзбек аскерлеринин саны көбөйтүлгөнү кабарланды.

Тасмада: Үңкүр-Тоого эки тик учак конду

Үңкүр-Тоого эки тик учак конду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

Өкмөттө аракет бар, бирок жыйынтык жок

2-сентябрь күнү эртең менен Үңкүр-Тоого өзбекстандык эки тик учак келип конгонун өкмөт башчысынын орун басары Жеңиш Разаков ырастап, учурда кырдаалды жөнгө салуу аракеттери жүрүп жатканын айтты:

- Биз таңдан бери бир топ иш-чараларда жүрөбүз. Ал жактагы кырдаал боюнча кабарыбыз бар. Ал туурасында азыр толук маалымат айтуу кыйын. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Элдин калың катмары бул маселе эмнеден улам чыгып жатканын жана азыркы абалды жакшы түшүнүп турат. Биз эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин дагы улантып жатабыз. Ошондуктан эл катуу талап кылып, маселени өз алдынча чечүүгө камданып жатат деген болбогон сөз. Биз бардыгын тынчтык жолу менен, дипломатиялык ыкмалар менен чечип, кырдаалды жөнгө салабыз.

22-августта Өзбекстандын күчтөрү күтүүсүз Үңкүр-Тоого кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаран барымтага алынган.

Өзбек тарап Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргызстан кармалып турган өзбек милициясын бошоткон эле. Бирок Орто-Токой суу сактагычына өзбек жарандарын киргизүүгө уруксат берген эмес. Ошого карабастан Үңкүр-Тоодогу Өзбекстандын милиция кызматкерлери тоодон чыгарыла элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев бийликтин камырабастыгы барган сайын кырдаалды курчутуп жатканына токтолду:

- “Биз армияны жаңыладык, Орусиядан наркы бир миллиард доллардан ашуун турган курал-жарак алдык. Эми бизге эч ким тийише албайт. Эгерде бирөө тийишсе, ошого жараша жооп бере алабыз” деп былтыр президент Атамбаев куралдуу күчтөрдүн күнүн белгилөө учурунда мактанган эле. Бирок Өзбекстандан онго жетпеген аскер кирип келип, басып алса, ошого жооп берип, айбат көрсөтө албай отуруп калды. Өзүнүн мына ушундай абалын билгенден кийин ал чоң сүйлөбөш керек болчу. Колунда куралы жок элди согушка түртпөстөн, кырдаалды жөнгө сала албай турган болсо, бул бийлик кетиши керек. Болбосо чек арадагы кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.

Кыргызстан Үңкүр-Тоонун башын чек ара сызыгы аныктала элек тилке катары жарыялаган болчу. Ошол эле кезде Өзбекстандын өкмөтү аны эч кандай талаштуу тилке эмес, өзүнө караштуу аймак катары атап, телемунарада иштеген төрт кыргыз жараны чек араны мыйзамсыз бузганы үчүн кармалганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG