Бишкек: айдоочуларга жакпаган тосмо
Көчмөндөр оюну, КМШ мамлекет башчыларынын саммити өңдүү эл аралык иш-чараларга камылгалардын катарында Бишкек шаар бийлиги борбордук көчөлөрдүн ортосун жана четин бойлото тосмолорду орнотуп жатат. Муну мэрия баш калаадагы башаламан кыймылды жөнгө салуунун алгачкы кадамдары деп түшүндүрүүдө. Мындай пилоттук долбоор Жибек-Жолу көчөсүндөгү Батыш автовокзалы жайгашкан аймакта да ишке ашты. Кыйма-чийме каттамдарга шыкалган бул аймактагы жол экспериментин жүргүнчүлөр менен айдоочулар кандай баалап жатышат?